30-июнда БУУнун Азык-түлүк жана айыл чарба уюмунун Кыргыз Республикасындагы Өкүлчүлүгүнүн башчысы Олег Гүчгелдиев менен айыл чарба жана ирригация боюнча эксперти Матраим Жусупов Борбордук Азиядагы Жерди прикладдык изилдөө институтуна келишти.
БАЖПИИнин содиректору Болот Молдобеков институттун тарыхы, изилдөө багыттары жана аткарылган долбоорлор тууралуу таанытым баяндама жасады.