Центрально-Азиатский Институт прикладных Исследований Земли (ЦАИИЗ)

Центрально-Азиатский Институт прикладных Исследований Земли (ЦАИИЗ)
Central-Asian Institute for Applied Geosciences (CAIAG)

“Борбордук Азиядагы жер титирөөнүн болжолдоолору, сейсмикалык коркунуч жана сейсмикалык тобокелдикти баалоо” XI Казакстан-Кытай Эл аралык симпозиуму

Борбордук Азия Жерди прикладдык изилдөѳ институтунун (БАЖПИИ) директору Молдобеков Б.Д. жана профессор Усупбаев Ш.Э. 2023-жылдын 26-28-сентябрында өткөн “Борбордук Азиядагы жер титирөөнүн болжолдоолору, сейсмикалык коркунуч жана сейсмикалык тобокелдикти баалоо”  XI Казакстан-Кытай Эл аралык симпозиумуна катышты. Бул симпозиумга аймактагы сейсмикалык коопсуздук жана жер титирөөлөр менен байланышкан орчундуу маселелерди талкуулоо үчүн ар кайсы өлкөлөрдүн алдыңкы эксперттери жана окумуштуулары чакырылган.

Screenshot_1.png

Иш-чаранын уюштуруучулары: Казакстан Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлиги, Кытай Эл Республикасынын Жер титирөө боюнча башкармалыгы, Синьцзян-Уйгур автономиялык районунун жер титирөө агенттиги, «Сейсмологиялык байкоолор жана изилдөөлөр улуттук илимий борбору» (Сейсмология институту).

XI казак-кытай эл аралык симпозиуму сейсмикалык коопсуздук жаатында билим жана тажрыйба алмашууга жана мамлекеттердин узак мөөнөттүү кызматташуусуна көмөктөшүүчү маанилүү окуя болуп калды.

 logo real

Борбордук-Азиялык Жерди прикладдык изилдѳѳ институту

Кыргыз Республикасы
720027 Бишкек
Тимур Фрунзе көчөсү 73/2


Байланыш
Сайттын картасы
Байланышта болуңуз

+996 312 555111
+996 312 555222
caiag@caiag.kg