«Илимдеги тан калычтуу окуялар: Борбор Азиядагы аялдар жана мөңгүлөр» экспедициясы
2024-жылдын 21-августунан 30-августуна чейин Фрибург университети (Швейцария) жетектеген “Борбордук Азиядагы адаптацияны жакшыртуу үчүн криосфералык байкоолор жана моделдөө” (CROMO-ADAPT) долбоорунун алкагында уюштурулган экспедиция «Ала-Арча Улуттук паркында»болуп өттү. Бул экспедицияга Кыргызстан, Казакстан, Өзбекстан, Тажикстан жана Түркмөнстандан 10 кыз (18-25 жаш) катышты. Катышуучулар «Жарылган жүрөк» чокусуна чыгышып, гляциологдун үйүндө жана 3600 метр бийиктиктеги «Голубина» мөңгүсүндө болушту. Экспедициянын жүрүшүндө алар гляциология, экология тармагына тиешелүү илимдерди үйрөнүштү. Экспедицияга колдоо көрсөткөн Борбордук-Азиялык Жерди прикладдык изилдөө институтунун (БАЖПИИ) негизинде түзүлгөн долбоорлордун презентациялары менен аяктады. Бул экспедицияга БАЖПИИнин кенже илимий кызматкери Жылдыз Токтосунова катышты.
“Илимдеги тан калычтуу окуялар: Борбор Азиядагы аялдар жана мөңгүлөр” идеясы Борбордук Азиядагы жаш аялдардын энергиясынан шыктанган Мартина Барандун жана Марлен Кроненберг тарабынан жүргүзүлгөн талаа изилдөөлөрүндө пайда болгон. Алар ушундай эле швейцариялык “Girls on Ice Switzerland” программасына катышып, аны Борбор Азияда ишке ашырууну кыялданышкан. Биринчи экспедиция 2019-жылы болгон, бирок уюштуруучулар COVID-19 пандемиясына байланыштуу , 2020-2021- жылдардын программаларын онлайн форматка өткөрүүгө туура келген. 2022-жылдан тарта экспедициялар кайрадан баштапкы форматта болуп, аймактагы илимий потенциалды жана кызматташтыкты өнүктүрүүнү улантып жатат.