Центрально-Азиатский Институт прикладных Исследований Земли (ЦАИИЗ)

Центрально-Азиатский Институт прикладных Исследований Земли (ЦАИИЗ)
Central-Asian Institute for Applied Geosciences (CAIAG)

Климат жана криосфера кризиси боюнча экинчи Гиндукуш-Гималай илимий-саясий форуму

Борбордук Азиялык Жерди прикладдык изилдөө институтунун (БАЖПИИ) Содиректору Молдобеков Болот Дуйшеналиевич климат жана криосфера кризисине арналган Гиндукуш-Гималай экинчи илимий-саясий форумуна катышты. Бул иш-чара эл аралык тоолорду комплекстүү өнүктүрүү борбору тарабынан уюштурулуп,2023-жылынын 21,22 сентябрь кундөрү өткөрүлдү.

Дүйнөнүн алдыңкы эксперттери, окумуштуулары жана саясатчылары чогулган форумда БАЖПИИнин cодиректору Молдобеков Болот Дуйшеналиевич маанилүү маселелерди активдүү талкуулады. Анын катышуусу  жеке изилдөөлөрү жана көп жылдык тажрыйбалары менен бөлүшүүгө мүмкүндүк берди.

 Screenshot_2.png

ICIMOD форуму дүйнөлүк илимий жана саясий коомчулук үчүн маанилүү окуя болуп, билим алмашууга жана Гиндукуш-Гималай аймагынын жана бүтүндөй планетанын туруктуу келечегине багытталган конкреттүү чечимдерди иштеп чыгууга өбөлгө түздү. Молдобеков Болот Дуйшеналиевич бул форумга  катышуусу дүйнөлүк изилдөөлөрдө БАЖПИИнин ролу маанилүү экендигин баса белгиледи .

 logo real

Борбордук-Азиялык Жерди прикладдык изилдѳѳ институту

Кыргыз Республикасы
720027 Бишкек
Тимур Фрунзе көчөсү 73/2


Байланыш
Сайттын картасы
Байланышта болуңуз

+996 312 555111
+996 312 555222
caiag@caiag.kg