Центрально-Азиатский Институт прикладных Исследований Земли (ЦАИИЗ)

Центрально-Азиатский Институт прикладных Исследований Земли (ЦАИИЗ)
Central-Asian Institute for Applied Geosciences (CAIAG)

«Blue Peace Борбордук Азия 2.0» швейцариялык демилгесинин Борбордук Азиядагы консультативдик миссиясы БАЖПИИде.

2025-жылдын 6-февралында  Борбордук Азия Жерди прикладдык изилдөө институтунда (БАЖПИИ) " Blue Peace Борбордук Азия 2.0"швейцариялык демилгесинин делегациясы менен жолугушуу болуп өттү. Иш-чара трансчек аралык суу кызматташтыгын бекемдөөгө жана региондогу туруктуу өнүгүүгө көмөк көрсөтүүгө багытталган долбоордун экинчи фазасына даярдык көрүүнүн алкагында өттү.

 6 01 2025

Жолугушуунун жүрүшүндө, доктор Барбара Януш-Павлетта, Борбордук Азиядагы ЕКП аймактык кеңсесинин директору жана долбоордун жетекчиси, анын негизги компоненттери менен тааныштырды. Катышуучулар Улуттук илимий жана академиялык мекемелер, анын ичинде БАЖПИИ менен стратегиялык өнөктөштүктү өнүктүрүүгө өзгөчө көңүл буруп, өз ара аракеттенүүнүн артыкчылыктуу багыттарын талкуулашты.

Делегация институт менен кызматташууну кеңейтүүгө кызыкдар экендигин, ал эми БАЖПИИнин кызматкерлери долбоорду ишке ашырууга активдүү катышууга даяр экендигин тастыкташты.

Жолугушуунун жыйынтыгы боюнча тараптар мындан аркы өз ара аракеттенүүнүн маанилүүлүгүн белгилешти жана биргелешкен аракеттер суу ресурстарын туруктуу башкарууга жана Борбордук Азиянын экологиялык чакырыктарын чечүүгө олуттуу салым кошоруна ишеним билдиришти.

 

 logo real

Борбордук-Азиялык Жерди прикладдык изилдѳѳ институту

Кыргыз Республикасы
720027 Бишкек
Тимур Фрунзе көчөсү 73/2


Байланыш
Сайттын картасы
Байланышта болуңуз

+996 312 555111
+996 312 555222
caiag@caiag.kg