Центрально-Азиатский Институт прикладных Исследований Земли (ЦАИИЗ)

Центрально-Азиатский Институт прикладных Исследований Земли (ЦАИИЗ)
Central-Asian Institute for Applied Geosciences (CAIAG)

Борбордук Азиялык Жерди прикладдык изилдөө институту (БАЖПИИ), Бириккен Улуттар Уюмунун Өнүктүрүү Программасы (БУУѲП) менен бирдикте бир катар семинарларды өткөрдү

2023-жылдын 2-октябрынан 5-октябрга чейин Бишкек шаарында UNDP-GCF долбоорунун алкагында “Улуттук адаптациялоо планын (УИП) иштеп чыгуу процессин колдоо, Борбордук Азиялык Жерди прикладдык изилдөө институту (БАЖПИИ), Бириккен Улуттар Уюмунун Өнүктүрүү Программасы (БУУѲП) менен бирдикте бир катар семинарларды өткөрдү.

2-октябрь: "Биологиялык ар түрдүүлүктү сактоо"-секторундагы климаттык тобокелдиктерди жана аялуу жерлерди баалоо боюнча семинар

3-октябрь: "Саламаттыкты сактоо"- секторундагы климаттык тобокелдиктерди жана аялуу жерлерди баалоо боюнча семинар

4-октябрь: "Өзгөчө кырдаалдар"секторунда- климаттык тобокелдиктерди жана аялууларды баалоо боюнча семинар

5-октябрь:   "Айыл чарба жана ирригация" секторунда климаттык тобокелдикти жана аялуулугун баалоо боюнча семинар

6-октябрь: Ведомстволор аралык жумушчу топ

Борбордук Азиялык Жерди прикладдык изилдөө институту (БАЖПИИ) Кыргыз Республикасынын климаттын өзгөрүшүнө ыңгайлашуу аракеттерин күчөтүүдө негизги ролду ойнойт. Бириккен Улуттар Уюмунун Өнүктүрүү Программасы (БУУѲП) менен кызматташуунун алкагында  БАЖПИИ Кыргызстандын максаттуу тармактарынын жана региондорунун климаттык тобокелдиктерди жана аялуулугун (CRVA) баалоого, ошондой эле алынган маалыматтардын негизинде калыптандыруу пландарын иштеп чыгууга катышты.

Климаттык тобокелдикти жана аялуулукту баалоо (CRA) климаттын өзгөрүшүнө калыптануусун эффективдүү стратегияларын иштеп чыгуудагы негизги кадам болуп саналат. Бул процесс климаттык маалыматтарды талдоону, анын өлкөнүн ар кандай экономикалык секторлоруна жана аймактарына тийгизген таасирин, ошондой эле климаттын өзгөрүшүнө байланыштуу аялуу жерлерди жана потенциалдуу тобокелдиктерди аныктоону камтыйт.

WhatsApp_Image_2023-10-04_at_16.51.00.jpegWhatsApp_Image_2023-10-04_at_15.18.37.jpeg

Өзгөчө кырдаалдар жана саламаттыкты сактоо секторлорундагы семинарлардан сүрөттөр

Бул семинарлардын ар бири өз секторлору үчүн Улуттук Адаптация Планынын (УИП) алкагында тармактык жумушчу топторду түзүүгө багытталган. Бул топ Кыргыз Республикасынын артыкчылыктуу багыттарына ылайык адаптациялоо чараларын андан ары иштеп чыгуу жана ишке ашыруу боюнча иш алып барат.

Иш-чаралар ошондой эле УИП долбоорун ишке ашыруу учурунда өнөктөштөрдүн маалымдуулугун жогорулатууга жана өлкөнү климаттын өзгөрүү маселелерине даярдоого жардам берет.

Долбоордун максаты - Кыргыз Республикасынын туруктуу өнүгүүсүн камсыз кылуу жана анын климаттын өзгөрүшүнө туруштук берүү жөндөмүн бекемдөө.

WhatsApp_Image_2023-10-04_at_15.24.37.jpegWhatsApp_Image_2023-10-10_at_15.05.55.jpeg

Биологиялык ар түрдүүлүктү сактоо секторундагы семинардан жана топтук талкуулардан сүрөттөр

 

 logo real

Борбордук-Азиялык Жерди прикладдык изилдѳѳ институту

Кыргыз Республикасы
720027 Бишкек
Тимур Фрунзе көчөсү 73/2


Байланыш
Сайттын картасы
Байланышта болуңуз

+996 312 555111
+996 312 555222
caiag@caiag.kg