Центрально-Азиатский Институт прикладных Исследований Земли (ЦАИИЗ)

Центрально-Азиатский Институт прикладных Исследований Земли (ЦАИИЗ)
Central-Asian Institute for Applied Geosciences (CAIAG)

Бишкекте Кыргыз-Герман Илим күнү өттү

  2025-жылдын 15-май күнү Бишкектеги " Novotel " мейманканасында Германия менен Кыргызстандын илимий жана изилдөө мекемелеринин алдыңкы өкүлдөрүн бириктирген Герман-Кыргыз илим күнү болуп өттү. Иш-чара Германия Федеративдүү Республикасынын Бишкектеги элчилигинин, Германиянын федералдык билим берүү жана илимий изилдөө министрлигинин жана Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлигинин биргелешкен колдоосу менен уюштурулду.

Иш-чаранын бет ачар сөздөрүн Германиянын Кыргыз Республикасындагы элчиси доктор Габриэла Геллил, Германиянын Билим берүү жана Илимий изилдөөлөр боюнча Федералдык министрлигинен (BMBF) Флориан Франк жана КР Билим берүү жана илим министринин орун басары Альберт Махметкулов чыгып сөз сүйлөштү.

Иш-чаранын жүрүшүндө Германиянын илимий-изилдөө фонду (DFG), Кыргыз Республикасынын Улуттук илимдер академиясы, Германиянын Гельмгольц GFZ атындагы гео илимдер борбору, Leibniz IAMO атындагы өтмөлүү экономикадагы өлкөлөрдүн айыл чарба тармагын өнүктүрүү боюнча институту, Берлиндин Эркин университети, Борбордук Азия Университети жана БАЖПИИ сыяктуу уюмдардын өкүлдөрү чыгып сөз сүйлөштү.

Борбор Азия Жерди прикладдык изилдөө институтунун (БАЖПИИ) содиректору, доктор Болот Молдобеков институттун ишмердүүлүгү тууралуу маалымат берип, анын аймактагы прикладдык геоилимдер жана эл аралык кызматташтык жаатындагы маанилүү ролун баса белгиледи. Күндүн экинчи жарымында катышуучулар саламаттык сактоо, гео илим, энергетика, айыл чарба, биоартүрдүүлүк жана социалдык илимдер чөйрөсүндөгү учурдагы жана келечектүү биргелешкен изилдөө долбоорлору менен таанышышты.

015

Иш-чара BMBF тарабынан уюштурганын кабыл алуу менен изилдөөлөрдү каржылоо мүмкүнчүлүктөрүнө арналган панелдик сессиясы менен жыйынтыкталды. Бул күн Германия менен Кыргызстандын ортосундагы илимий кызматташтыкты чыңдоого болгон умтулуунун дагы бир далили болуп эсептелинет.

 logo real

Борбордук-Азиялык Жерди прикладдык изилдѳѳ институту

Кыргыз Республикасы
720027 Бишкек
Тимур Фрунзе көчөсү 73/2


Байланыш
Сайттын картасы
Байланышта болуңуз

+996 312 555111
+996 312 555222
caiag@caiag.kg