Борбордук Азиялык Жерди прикладдык изилдөө институтунун кызматкерлери 2025-жылдын 23-25-апрель күндөрү, Нидерландиянын Энсхеде шаарында өткөн WE-ACT долбоорунун өнөктөштөрүнүн Башкы Ассамблеясына катышышты.
Ассамблеянын алкагында Нарын жана Кара-Дарыя дарыяларынын трансчек аралык бассейндеринде чечимдерди кабыл алууну колдоо системасын (DSS) киргизүүгө, климаттын өзгөрүшүн эске алуу менен дарыялардын агымын моделдөөгө, ошондой эле долбоордун учурдагы илимий жана техникалык натыйжаларын көрсөтүүгө байланыштуу негизги маселелер каралды.
Жыйынга Борбордук Азиялык Жерди прикладдык изилдөө институтунан(БАЖПИИ):
- БАЖПИИнин содиректору Болот Молдобеков,
- «Климат, суу жана геоэкология» бөлүмүнүн башчысы Рыскул Усубалиев,
- «Климат, суу жана геоэкология» бөлүмүнүн илимий кызматкери Азамат Осмонов катышышты.
Аткарылган прогрессти талдоого, ишке ашыруунун кийинки этабын пландоого, ошондой эле актуалдуу чакырыктарды талкуулоого,маалыматтардын жеткиликтүүлүгүнө, тобокелдиктерди жана финансыны башкарууга өзгөчө көңүл бурулду. Отурумдун жүрүшүндө өнөктөштөр ортосундагы координация жана долбоордун алкагында кызматташууну мындан ары бекемдөө маселелери каралды.