Центрально-Азиатский Институт прикладных Исследований Земли (ЦАИИЗ)

Центрально-Азиатский Институт прикладных Исследований Земли (ЦАИИЗ)
Central-Asian Institute for Applied Geosciences (CAIAG)

БАЖПИИде SPHY моделин колдонуу менен гидрологиялык моделдөө боюнча жайкы мектеп болуп өттү.

2024-жылы 13-14-август күндөрү Борбордук Азия Жерди прикладдык изилдөө институтунда (БАЖПИИ) ФРИБУР Университетинин колдоосу менен SPHY  моделин (Spatial Processes in Hydrology- Гидрологиядагы мейкиндик процесстерин) колдонуу менен гидрологиялык моделдөө боюнча жайкы мектеп болуп өттү. Тренингди Доктор Цзинхен Хуан жана Доктор Эрик Пол уюштуруп өткөрүштү. 

Иш-чара ГЭФ-ПРООН-ЮНЕСКОнун "Климаттын өзгөрүшүнө адаптациялоонун жана туруктуу өнүктүрүүнүн комплекстүү методдорун иштеп чыгуу максатында нивалдык-гляциалдык системаларды баалоо жаатында аймактык кызматташууга көмөктөшүү жолу менен Борбор Азия өлкөлөрүнүн туруктуулугун бекемдөө"долбоорунун алкагында уюштурулду.

Screenshot_5.png

Бул уюштурулган жайкы мектепке Борбор Азиянын ар кыл өлкөлөрүнөн адистерди чогултту. ЦАИИЗДЕН "Климат, суу жана геоэкология" бөлүмүнүн кызматкерлери Ольга Калашникова, Руслан Кенжебаев жана Мухаммед Эсенаман уулу катышты.

Жайкы мектеп билим жана тажрыйба алмашуу үчүн маанилүү болуп , бул суу ресурстарын баалоо жана башкаруу жаатында Борбордук Азиядагы аймактык кызматташтыкты андан ары бекемдөөгө бекем өбөлгө болду.

Screenshot_6.png

Участники летней школы во время процесса обучения

 logo real

Борбордук-Азиялык Жерди прикладдык изилдѳѳ институту

Кыргыз Республикасы
720027 Бишкек
Тимур Фрунзе көчөсү 73/2


Байланыш
Сайттын картасы
Байланышта болуңуз

+996 312 555111
+996 312 555222
caiag@caiag.kg