БАЖПИИде япондук Aero Asahi Corporation компаниясынын өкүлдөрү менен жолугушуу болуп өттү
2025-жылдын 18-июнунда Борбордук-Азиялык Жерди прикладдык изилдѳѳ институтунда (БАЖПИИ) Япониянын картографиялык багыттагы Aero Asahi Corporation (AAS) компаниясынын өкүлдөрү менен жолугушуу болуп өттү. AAS — 1957-жылы негизделген жана Toyota Motor Corporation компаниясынын туунду түзүмү болуп саналат.
Жолугушуунун негизги максаты — жаратылыш коркунучтарын мониторингдөө, геомаалыматтык системалар жана мейкиндиктик маалыматтар чөйрөсүндө иш алып барган уюмдар менен кызматташуу мүмкүнчүлүктөрүн талкуулоо болду.
Жолугушууда Aero Asahi компаниясы мейкиндиктик маалыматтарды чогултуу жана талдоо боюнча акыркы технологияларын сунуштады. Алардын катарында аба аркылуу лазердик сканерлөө, мобилдик картографиялык системалар жана объектилер менен аймактардын санариптик 3D моделдерин түзүү технологиялары көрсөтүлдү. Бул ыкмалар инфраструктуралык объектилерди пландаштырууда жана иштетүүдө, ошондой эле жаратылыш кырсыктарынын кесепеттерин алдын алуу жана жоюу иштеринде колдонулат.
Тараптар төмөнкү негизги кызматташуу багыттарын талкуулашты:
- жаратылыш коркунучтары жана тобокелдиктерди мониторингдөө;
- өзгөчө кырдаалдарды башкарууда шаарлардын 3D моделдерин колдонуу;
- мейкиндиктик маалыматтарды талдоого багытталган маалыматтык системаларды өнүктүрүү.
Жолугушуу маалымат жана тажрыйба алмашуу үчүн аянтча болуп, ишенимдүү жана жакшы маанайда өттү.