Центрально-Азиатский Институт прикладных Исследований Земли (ЦАИИЗ)

Центрально-Азиатский Институт прикладных Исследований Земли (ЦАИИЗ)
Central-Asian Institute for Applied Geosciences (CAIAG)

БАЖПИИнин директору Болот Молдобеков Биринчи радионун түз эфиринде

    "Биринчи радио" радиостанциянын "Таӊкы бурулуш" программасынын түз-эфиринде Борбордук Азиялык Жерди прикладдык изилдөө институтунун (БАЖПИИ) директору Болот Молдобеков маек курду. Сүйлөшүүнүн темасы "Тоолорду туруктуу өнүктүрүү" болуп, ал быйыл Азербайжандын Баку шаарында өткөн БУУнун Климаттын өзгөрүшү боюнча алкактык конвенциясынын Тараптарынын 29-конференциясындагы иши тууралуу айтып, ошондой эле эл аралык уюмдар менен сүйлөшүүлөрдүн жыйынтыктары менен бөлүштү.

   Сүйлөшүүнүн жүрүшүндө мөңгүлөр темасына өзгөчө көңүл бурулду. Программанын коногу аларды изилдөө ыкмалары, эрүү динамикасы, ошондой эле бул изилдөөлөрдүн аймак үчүн мааниси тууралуу кеңири айтып берди. Ал климаттын өзгөрүшү Борбор Азиядагы мөңгүлөрдүн абалына олуттуу таасирин тийгизип жатканын жана бул үчүн окумуштуулардын, мамлекеттердин жана эл аралык өнөктөштөрдүн биргелешкен аракеттери керек экенин белгилей кетти.

BMoldobekovnews.png

БАЖПИИнин директору Болот Молдобеков маек учурунда

    Ошондой эле жашыл экономика жана аны ишке ашырууга байланышкан маселелер талкууланды. Климаттын өзгөрүшүнө ыңгайлашууга жана тоолуу аймактардын туруктуу өнүгүүсүн камсыз кылууга багытталган демилгелердин мисалдары келтирилди.

    Болот Молдобеков БАЖПИИнин иши Борбордук Азиянын алдында турган экологиялык жана социалдык маселелерди изилдөөдө жана чечүүдө маанилүү роль ойноорун баса белгиледи.

Эфирди толук төмөндөгү шилтеме менен өтүп көрө аласыздар:

https://www.facebook.com/share/v/1WzLPzC3ht

 logo real

Борбордук-Азиялык Жерди прикладдык изилдѳѳ институту

Кыргыз Республикасы
720027 Бишкек
Тимур Фрунзе көчөсү 73/2


Байланыш
Сайттын картасы
Байланышта болуңуз

+996 312 555111
+996 312 555222
caiag@caiag.kg