Центрально-Азиатский Институт прикладных Исследований Земли (ЦАИИЗ)

Центрально-Азиатский Институт прикладных Исследований Земли (ЦАИИЗ)
Central-Asian Institute for Applied Geosciences (CAIAG)

Аймактык жумушчу топтун 3-жыйынына БАЖПИИнин директору Болот Молдобеков жана «Климат, суу жана геоэкология» бөлүмүнүн башчысы Рыскул Усубалиев катышты

2024-жылдын 10-декабрында Ташкентте Борбордук Азиядагы эки тарапка тең пайдалуу суу-энергетикалык механизмди талкуулоого арналган Аймактык жумушчу топтун үчүнчү отуруму болуп өттү. Бул иш-чара климаттын өзгөрүшүнө каршы аймактык кызматташтыкты бекемдөөгө багытталган “Жашыл Борбордук Азия” демилгесинин алкагында өттү.

Жыйынга аймактын мамлекеттеринин, эл аралык уюмдардын өкүлдөрү жана суу-энергетика тармагындагы кызматташуу жаатындагы алдыңкы эксперттер катышты. Борбордук Азиялык Жерди прикладдык изилдөө институтунун (БАЖПИИ) директору Болот Молдобеков жана «Климат, суу жана геоэкология» бөлүмүнүн башчысы Рыскул Усубалиев катышты.

WhatsApp_Image_2024-12-13_at_13.04.42.jpeg

Катышуучулар суу-энергетикалык ресурстарды биргелешип башкарууга көмөктөшүүчү өз ара аракеттенүүнүн туруктуу механизмин түзүү боюнча негизги кадамдарды талкуулашты. Өзгөчө көңүл өзгөрүп жаткан климаттык шарттарга көнүү, алдыңкы технологияларды ишке киргизүү жана ресурстарды пайдалануунун натыйжалуулугун жогорулатуу маселелерине бурулду.

 logo real

Борбордук-Азиялык Жерди прикладдык изилдѳѳ институту

Кыргыз Республикасы
720027 Бишкек
Тимур Фрунзе көчөсү 73/2


Байланыш
Сайттын картасы
Байланышта болуңуз

+996 312 555111
+996 312 555222
caiag@caiag.kg