Европа Жер илимдер биримдигинин Башкы Ассамблеясы EGU25 ке катышуу
Европа Жер илимдер Биримдигинин Башкы Ассамблеясы 2025-жылдын 28-апрелинен 2-май күндөрү болуп өттү. Бул Европа Жер илимдер биримдиги жерди, планеталарды жана космосту изилдөө боюнча алдыңкы уюмдардан болуп саналат. Аталган EGU25 иш-чарасына жалпы 20 984 адам катышты: алардын катарында 120 өлкөдөн келген катышуучулар Вена шаарында (Австрия) жандуу катышышты, ал эми дагы 104 өлкөдөн катышуучулар онлайн түрүндө катыша алышты. Бул жыйынга БАЖПИИнин «Климат,суу жана геоэкология» бөлүмүнүн улук илимий кызматкери Д-р Калашникова Ольга Юрьевна барды. Конференцияда 1102 илимий сессия, 18934 оозеки жана стенддик докладдар өткөрүлдү.
Д-р Калашникова О.Ю. мөңгүлөрдү жана кар катмарына мониторинг жүргүзүү боюнча баяндама жасап, мөңгүлөрдү сактоо жылынын демилгесин колдоду.Докладдын мазмуну MODSNOW программасынын жардамы менен спутниктен алынган маалыматтар аркылуу жүргүзүлгөн,ошондой эле талаа экспедицияларында БАЖПИИнин гляциологдорунан тышкары Германия, Швейцария жана башка өлкөлөрдүн эксперттери катышкан. БАЖПИИ жазаган иштеринде жеткиликтүү жана мөңгүлөрдүн массасынын балансынын эсептөөлөрүн, коркунучтуу гидрологиялык кубулуштардын алдын алуу боюнча методикаларды натыйжаларды ачык камтыйт.
Конференциянын жүрүшүндө Борбордук Азия жана башка өлкөлөрдүн баяндамачылары менен таанышып, кызыктырган суроолорун берүүгө, ошондой эле БАЖПИИнин илимий-изилдөө ишмердүүлүгүндө тыгыз кызматташкан коңшу өлкөлөрдүн илимий институттарынын кесиптештерин колдоого алууга мүмкүнчүлүк болду.
Д-р О. Ю. Калашникованын стенддик докладынын презентациясынын жүрүшүндө Борбордук Азияда изилдөөлөр менен алектенген эксперттер жана башка өлкөлөрдүн эксперттери(АКШ, Улуу Британия, Швейцарии ж.б). менен карды жана мөңгүлөрдү изилдөөгө методикалык ыкмалар жана тажрыйбалар туралуу талкуулар болду.
Проф. Д-р Ян Зайберт
EGU25 конференциясына катышууга берилген мүмкүнчүлүк үчүн CAWa Green долбоорунун координатору, проф. Д-р Аброр Гафуровко (Prof. Dr. Abror Gafurov), БАЖПИИнин содиректору Д-р Оливер Бенске (Dr. Oliver Bens), ошондой эле гидрология бөлүмүнүн жетекчиси GFZ проф. Д-р Бруно Мерцке (Prof. Dr. Bruno Merz) өзгөчө ыраазычылык билдиребиз..