Азербайжандагы ТК-29 конференциясында БАЖПИИ Борбор Азия мөңгүлөрүнүн маселелери боюнча программа тартуулады
2024-жылдын 11-ноябрынан 22-ноябрына чейин Азербайжандын Баку шаарында БУУнун климаттын өзгөрүшү жөнүндө Алкактык конвенциясынын тараптарынын 29-конференциясы болуп өттү, ага Кыргыз Республикасынын делегациясы активдүү катышты. Борбордук Азиялык Жерди прикладдык изилдөө институту (БАЖПИИ) Кыргызгидромет менен биргеликте "Климаттын өзгөрүү шарттарындагы мөңгүлөрдүн заманбап көйгөйлөрү" туралуу биргелешкен программа даярдады.
ТК-29 иш чарасына БАЖПИИнин директору Молдобеков Болот Дуйшеналиевич катышты.
Программанын алкагында 16-ноябрда Кыргыз Республикасынын павильонунда Борбордук Азия мөңгүсүнө байланышкан негизги маселелерге арналган Сайд-Ивент болуп өттү. Бул иш-чаранын модератору БАЖПИИнин содиректору Молдобеков Болот Дуйшеналиевич болду. Сайд-Ивентте Дүйнөлүк метеорологиялык уюмдун (ДМО), ЮНЕСКОнун, Фрибург университетинин (Швейцария), Казакстан Республикасынын География институтунун гляциологиялык борборунун, Өзбекстан Республикасынын геология жана тоо-кен өнөр жай министрлигинин Геология жана геофизика институтунун, Тажгидрометтин, Кыргызгидрометтин өкүлдөрү катышты.
БАЖПИИ директору Болот Молдобеков иш-чаранын жүрүшүндө
Катышуучулар мөңгүлөргө мониторинг жүргүзүүнүн алдыңкы технологияларын, климаттын өзгөрүшүнө адаптациялоо стратегияларын жана аймактын суу ресурстарынын актуалдуу маселелерин талкуулашты.
Иш-чаранын негизги максаты Климаттын өзгөрүшү Борбордук Азиянын мөңгүлөрүнө жана суу ресурстарына тийгизген таасирине түшүнүүнү тереңдетүү, ошондой эле мамлекеттик, жеке жана илимий уюмдардын ортосундагы кызматташтыкты бекемдөө болду. БАЖПИИнин ТК-29га катышуусу региондун мөңгүлөргө байланыштуу актуалдуу проблемаларын сунуштоого жана аларды чечүү жолдорун талкуулоого, ошондой эле климаттык изилдөөлөр жана туруктуу өнүктүрүү жаатында эл аралык өз ара мамилени бекемдөөгө мүмкүндүк берди.