Центрально-Азиатский Институт прикладных Исследований Земли (ЦАИИЗ)

Центрально-Азиатский Институт прикладных Исследований Земли (ЦАИИЗ)
Central-Asian Institute for Applied Geosciences (CAIAG)

Кыргызстандагы субрегионалдык жолугушуу: Борбор Азия өлкөлөрүнүн криосфера боюнча биргелешкен аракеттерин координациялоо

2025-жылдын 6–8-августунда Кыргыз Республикасынын Ысык-Көл облусундагы Боз-Бешик айылында Борбор Азия өлкөлөрүнүн ортосундагы кызматташтыкты чыңдоо максатында Биргелешкен субрегионалдык аракеттер программасы (БСАП) иштеп чыгуу боюнча субрегионалдык жумушчу жолугушуу өткөрүлдү. Иш-чара ГЭФ–ПРООН–ЮНЕСКОнун “Климаттын өзгөрүшүнө адаптация жана туруктуу өнүгүү үчүн комплекстүү ыкмаларды иштеп чыгуу максатында кар-мөңгү экосистемаларын изилдөө жана баалоо боюнча Борбор Азия өлкөлөрүнүн ортосундагы регионалдык кызматташтыкты өнүктүрүү” долбоорунун (Борбор Азиядагы криосфера боюнча долбоор) алкагында уюштурулду.

Иш-чара ЮНЕСКОнун Алматыдагы аймактык кеңсеси тарабынан долбоордун улуттук өнөктөштөрү менен биргеликте уюштурулуп, чектеш аймактардагы кызматташтыкты өнүктүрүү жана стратегиялык аракеттер программаларын түзүү боюнча Глобалдык экологиялык фонддун (ГЭФ) ыкмаларына ылайык өткөрүлдү.

Борбордук-Азиялык Жерди прикладдык изилдѳѳ институтунан (БАЖПИИ) иш-чарага төмөнкү өкүлдөр катышты:

  • д-р Карабек Эргешбаевич Узакбаев — Улуттук аракеттер планын (УАП) иштеп чыгуу боюнча адис;
  • д-р Рыскул Абдыжакыпович Усубалиев — «Климат, суу жана геоэкология» бөлүмүнүн башчысы;
  • д-р Ольга Юрьевна Калашникова — «Климат, суу жана геоэкология» бөлүмүнүн илимий кызматкери.

WhatsApp Image 2025 08 07 at 15.45.19

Бул жолугушуу Борбор Азиядагы криосфераны байкоо, мониторинг жүргүзүү жана изилдөө жаатындагы артыкчылыктуу көйгөйлөрдү чечүүгө багытталган Субрегионалдык аракеттер программасын (ССАП) жана Улуттук аракеттер пландарын (УАП) иштеп чыгуунун маанилүү этабы болуп саналат. Жумуштун негизин катышуучу өлкөлөрдүн илимий мекемелери, Фрибург университети жана аймактык адистер тарабынан даярдалган Диагностикалык талдоо жана төрт тематикалык изилдөөнүн жыйынтыктары түздү.

Иш-чарага мамлекеттик органдардын өкүлдөрү, илимий институттардын адистери жана «Криосферанын Стратегиялык Көрүнүшү – 2050» алкагында биргелешкен аракеттерди иштеп чыгуу жана макулдашуу үчүн дайындалган улуттук эксперттер катышты. Бул документ буга чейин Самарканд шаарында өткөн субрегионалдык жолугушууда макулдашылган. Ошондой эле семинарга Адаптациялык фонд тарабынан каржыланган жана ЮНЕСКОнун Алматыдагы регионалдык кеңсеси тарабынан Казакстан, Кыргыз Республикасы, Тажикстан жана Өзбекстанда ишке ашырылып жаткан GLOFCA долбоорунун командасы да катышты. GLOFCAнын өкүлдөрү криосферадагы өзгөрүүлөргө байланышкан кырсыктардын тобокелдиктерин азайтуу боюнча эксперттик колдоо көрсөтүү менен ССАП жана УАПты иштеп чыгууга салым кошушту.

Жолугушуунун программасына төмөнкү иш-чаралар кирди:

6-августта — Борбор Азияда криосфера тармагында жогорку билим берүүнү чыңдоо боюнча жол картасын талкуулоо;

7-августта — Субрегионалдык аракеттер программасынын (ССАП) алкагындагы негизги максаттарды жана чараларды иштеп чыгуу;

8-августта — криосфераны мониторинг системалары менен практикалык деңгээлде таанышуу үчүн, Тянь-Шань эл аралык тоо станциясына техникалык экскурсия.

ССАПтын максаттарын иштеп чыгуу алкагында гендердик ыкма интеграцияланды. Ага климаттык коркунучтарга аялдар менен эркектердин дуушар болуу деңгээлин талдоо жана аялдардын суу жана мөңгү ресурстарын башкарууга катышуусун кеңейтүү боюнча чаралар кирди. Өзгөчө аялдардын бардык деңгээлдеги адаптациялык чараларды иштеп чыгууга жана ишке ашырууга катышуусун камсыз кылууга көңүл бурулду.

WhatsApp Image 2025 08 07 at 15.47.08

 

 

 

 

 

 

 logo real

Борбордук-Азиялык Жерди прикладдык изилдѳѳ институту

Кыргыз Республикасы
720027 Бишкек
Тимур Фрунзе көчөсү 73/2


Байланыш
Сайттын картасы
Байланышта болуңуз

+996 312 555111
+996 312 555222
caiag@caiag.kg