Центрально-Азиатский Институт прикладных Исследований Земли (ЦАИИЗ)

Центрально-Азиатский Институт прикладных Исследований Земли (ЦАИИЗ)
Central-Asian Institute for Applied Geosciences (CAIAG)

ЮНЕСКОнун жана Адаптация Фондунун долбоорун баштоонун алкагында Кыргыз Республикасы үчүн улуттук баштапкы семинары

2021-жылдын 15-июнунда GLOFCA долбоорунун башталышынын алкагында ЮНЕСКОнун Алматыдагы Бюросу тарабынан уюштурулган Кыргыз Республикасынын Улуттук баштапкы онлайн семинары болуп өттү.

2021-жылдын 29-апрелде ЮНЕСКОнун Алматыдагы Бюросу «Климаттын өзгөрүшүнүн шартында мөңгү көлдөрүнүн жырылышынан Борбордук Азия чөлкөмүндөгү калктын аялуу катмарын азайтуу» (GLOFCA) жаңы регионалдык долбоорун башташты. Долбоорго чөлкөмдүн төрт өлкөсү: Казакстан, Кыргызстан, Тажикстан жана Өзбекстан катышат.

БАЖПИИ – бул проектти ишке ашыруучу алдыңкы уюмдардын катарына кирет жана Борбор Азия өлкөлөрүнүн катышуучу уюмдары менен биргеликте проекттин тапшырмаларын аткарууга активдүү катышат.

Семинарга тиешелүү министрликтер менен ведомстволор, адистештирилген илимий-изилдөө институттары, чөлкөмдүк өнөктөштөр жана эл аралык уюмдар катышты. GLOFCA долбоорунун максаты - мөңгү көлдөрүнүн жырылышы менен байланышкан социалдык тобокелдиктерди жана аялуу аймактарды азайтуу жолу менен Борбордук Азиядагы климаттын өзгөрүүсүнө адаптациялоону күчөтүү болуп келет.

Ошондой эле долбоор мониторингди, аналитикалык потенциалды жана кырсыктардын тобокелдигин азайтууга, өзгөчө кырдаалдарга жана климаттын өзгөрүшүнө адаптациялоо үчүн жооптуу мекемелердин жана мамлекеттик кызматкерлердин жөндөмдүүлүгүн жогорулатуу, жергиликтүү жамаатты окутуу жана маалымат берүү аркылуу, андан сырткары эрте эскертүү системаларын орнотуу аркылуу керектүү мониторинг стратегияларын колдоо болуп саналат.

 

Өзүбүздүн жана ЮНЕСКО материалдарынынан даярдалган. 

 

 

 

 logo real

Борбордук-Азиялык Жерди прикладдык изилдѳѳ институту

Кыргыз Республикасы
720027 Бишкек
Тимур Фрунзе көчөсү 73/2


Байланыш
Сайттын картасы
Байланышта болуңуз

+996 312 555111
+996 312 555222
caiag@caiag.kg