Германия федералдык билим берүү жана илимий изилдөө министрлигинин делегациясы
2023-жылдын 14-мартында Борбордук Азия жерди прикладдык изилдөө институтунда (БАЖПИИ) Федералдык Билим берүү жана изилдөө министрлигинин делегациясы менен жолугушуу болуп өттү, делегациянын курамында Германиянын Академиялык алмашуу кызматы ( DAAD) www.daad-kyrgyzstan.org/ru/o-nas/daad-v-kyrgyzstane/, Германиянын изилдөөлөр фонду (DFG), Александр фон Гумбольдт фонду (AvH) www.humboldt-foundation.de жана Гельмгольц ассоциациясы катышты.
Жолугушуунун жүрүшүндө БАЖПИИ менен Германиянын өкүлдөрүнүн мындан аркы кызматташуусу талкууланды. Делегациянын өкүлдөрү долбоорлорду киргизүүдө сунуштарын айтышты. Жолугушуунун жүрүшүндө институттун илимий-изилдөө иштери жана долбоорлору көрсөтүлүп, БАЖПИИде экскурсия да өткөрүлдү.