Центрально-Азиатский Институт прикладных Исследований Земли (ЦАИИЗ)

Центрально-Азиатский Институт прикладных Исследований Земли (ЦАИИЗ)
Central-Asian Institute for Applied Geosciences (CAIAG)

БАЖПИИнин "Климат, суу жана геоэкология бѳлүмүнүн" жетекчиси Усубалиев Рыскул Абдыжакыпович "Марал" радиосунун "Күн чабыт" берүүсүнө чакырылды.

2024-жылдын 13-июль Борбордук Азия Жерди прикладдык изилдөө институтунун "Климат, суу жана геоэкология" бөлүмүнүн жетекчиси Усубалиев Рыскул Абдыжакыпович "Марал" радиосунун "Күн чабыт" берүүсүнө "Климаттын өзгөрүшү, мөңгүлөрдүн эриши" темасын талкуулоо үчүн чакырылган.

Screenshot_4.png

Доктор Усубалиев БАЖПИИнин акыркы 20 жыл ичинде жүргүзгөн тажрыйбасы менен бөлүштү: тагыраак айтканда, ал мөңгүлөр боюнча каталогдорду түзүү жана чыгаруу, гляциология чөйрөсүндө кадрлардын жетишсиздиги , мөңгүлөрдү изилдөө боюнча кандайдыр бир иш-чараларды жүргүзүү боюнча чоң финансылык жана адамдык ресурстардын татаалдыгын жана чыгашалуу  экендигин, мөңгүлөрдүн азайышы жана эриши жөнүндө маселени баса белгиледи. Доктор Усубалиев мөңгүлөрдүн эришине байланыштуу кырдаалды климаттын өзгөрүшү менен гана чектебестен, чыныгы көйгөй - бул глобалдык жана бул процессти ар тараптан тездетип жаткан бүткүл адамзаттын көйгөйү  деп түшүндүрдү.

Маектин толук версиясын төмөнкү шилтемеден көрө аласыз

https://www.youtube.com/watch?v=SFmc5fdw1nQ

 logo real

Борбордук-Азиялык Жерди прикладдык изилдѳѳ институту

Кыргыз Республикасы
720027 Бишкек
Тимур Фрунзе көчөсү 73/2


Байланыш
Сайттын картасы
Байланышта болуңуз

+996 312 555111
+996 312 555222
caiag@caiag.kg