БАЖПИИ кызматкерлери долбоордун жыйынтыктарын талкуулоого катышышты
24-июнда Борбордук Азиялык Жерди прикладдык изилдѳѳ институтунун улук илимий кызматкери Андрей Подрезов жана «Потенциалды өнүктүрүү жана илимий кызматташтык» бөлүмүнүн башчысы Назгүл Алыбаева "Климаттын өзгөрүшү боюнча улуттук максаттарды колдоо үчүн практикалык көндүмдөрдү окутуу жана өнүктүрүү" аталыштагы талкууга катышышты.
Мамлекеттик органдардын, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын, эл аралык уюмдардын, билим берүү жана илимий мекемелердин өкүлдөрү Кыргыз Республикасынын Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлиги тарабынан ишке ашырылган долбоордун жыйынтыктарын угушту.
Долбоор мамлекеттик жана муниципалдык кызматкерлердин климаттын өзгөрүшү жаатындагы квалификациясын жогорулатуу максатында ишке ашырылды.
Бул иш-чара өлкөнүн БУУнун климаттын өзгөрүшү боюнча алкактык конвенциясы жана Париж келишими боюнча милдеттенмесинин аткарууга өбөлгө болуп саналат. Окутуу климаттын өзгөрүшүнүн кесепеттерин жеңилдетүү жана ыңгайлашууга багытталган.
Тегерек столдун катышуучулары окутуу модулдарын ийкемделиши боюнча сунуштары менен бөлүштү.



