Центрально-Азиатский Институт прикладных Исследований Земли (ЦАИИЗ)

Центрально-Азиатский Институт прикладных Исследований Земли (ЦАИИЗ)
Central-Asian Institute for Applied Geosciences (CAIAG)

Инновациялык колледжде салтанаттуу иш-чара өттү

БАЖПИИ китептерди тартуулоо эл аралык күнүнүнө карата 16-Февраль 2021-ж. Азия инновациялык колледжине илимий тематикасынын адабиятын акысыз негизде өткөрүп берди.

  

Азия инновациялык колледжи китептерди тартуулоо эл аралык күнүнүнө карата салтанаттуу иш-чара өткөздү, мисалы китептерди тартуулоо марафону. Марафон аркылуу колледждин фонду көп сандаган басылмалар менен толукталды.

Бул иш-чаранын алкагында колледжинин студенттери өздөрүнүн эмгектеринин бет ачарын өткөрүштү, Музыкалык номерлерди жана монологдорду даярдашты.

Акциянын негизги милдети-студенттер арасында китептерди окуу даңазалоо.

Иш-чаранын коноктору Мамлекеттик патенттик техникалык китепканасынын өкүлдөрү, К.Баялинов атындагы балдар-өспүрүмдөр китепканасынын өкүлдөрү, Бишкек шаарынын борборлоштурулган китепканалардын өкүлдөрү, Салымбековдун бизнес-мектеби жана БАЖПИИнин өкүлдөрү катышышты.

Биздин институттан тапшыруу аземине эл-аралык кызматташтык жана потенциалын жогорулатуу бөлүмүнүн башчысы- Жапаркулова Чолпон Шабыновна жана китепкана ресурстарынын башкы адиси - Казиева Гулина Кенжебаевна катышты.

Белгилей кетсек, БАЖПИИ илимий тематика боюнча 660 китеп колледжге белек тапшырды.

Мындан аркы кызматташтык жөнүндө макулдашууларга жетишилди.

Иш-чаранын соңунда катышуучуларга ыраазычылык билдирүү берилип жана ошондой эле ыраазычылык каттары жана эстелик белектер тапшырылды.

 logo real

Борбордук-Азиялык Жерди прикладдык изилдѳѳ институту

Кыргыз Республикасы
720027 Бишкек
Тимур Фрунзе көчөсү 73/2


Байланыш
Сайттын картасы
Байланышта болуңуз

+996 312 555111
+996 312 555222
caiag@caiag.kg