Центрально-Азиатский Институт прикладных Исследований Земли (ЦАИИЗ)

Центрально-Азиатский Институт прикладных Исследований Земли (ЦАИИЗ)
Central-Asian Institute for Applied Geosciences (CAIAG)

Суу ресурстары жана айлана-чөйрө боюнча USAID аймактык долбоор тарабынан уюштурулган тренингдер.

БАЖПИИнин атынан “Климат, суу жана жаратылыш ресурстары” бөлүмүнүн кызматкери Калашникова О.Ю катышты.

Сырдарья дарыясынын бассейнинде чечимдердин колдоо процесси. WEAP жана  LEAP моделдеринде потенциалды жогорулатуу.

USAID Регионалдык Суу жана Айлана-чөйрө боюнча долбоору Стокгольм Айлана- чөйрө Институтунун (SEI) эксперттеринин колдоосу менен Сырдарья дарыясынын бассейни үчүн чечимдерди колдоо процессин (RDS) ишке киргизип, чечим кабыл алуучуларга өз чечимдериндеги келечектеги белгисиздикти түшүнүүгө жана эсепке алууга жардам берди.

RDS процесси потенциалдуу сценарийлер түрүндө кабыл алынган чечимдердин таасирин талдоого жана визуалдаштырууга жардам берүү үчүн Суу ресурстарын баалоо жана пландаштыруу системасы (WEAP) жана төмөн эмиссияларды талдоо платформасы (LEAP) эки интеграцияланган моделди иштеп чыгуу менен коштолот.

Потенциалды жогорулотуу иш-чараларынын бул сериясы Долбоор тарабынан иштелип чыккан WEAP жана LEAP моделдери боюнча баштапкы билим берүүнү камсыз кылат.

Тренинг Ташкентте (2022-жылдын , май айында) жеке (оффлайн) өткөрүлдү.

Борбор Азия өлкөлөрүнөн (өзбекстан, Казахстан, Кыргызстан жана Тажикстан) чуу чарба адистери, ЖОЖдун өкутуучулары программистер жана илимий мекемелердин кызматкерлери катылышты.

БАЖПИИнин атынан “Климат, суу жана жаратылыш ресурстары” бөлүмүнүн кызматкери Калашникова О.Ю катышты.

Стокгольмдун айлана-чөйрөнүү коргоо институнун (SEI) моделдөө боюнча эксперттери Джейсон Вейси жана Аннет Хьюбер-Линин жетекчилиги астында (WEAP) жана (LEAP) моделдери менен иштөө боюнча лекциялар жана практикалык тренингдер окулуп, моделди иштерүү үчүн программалык камсыздоо орнотулду.

 Kalashnikova Taskent 2

Өздүк материалдар боюнча даярдалган.

 logo real

Борбордук-Азиялык Жерди прикладдык изилдѳѳ институту

Кыргыз Республикасы
720027 Бишкек
Тимур Фрунзе көчөсү 73/2


Байланыш
Сайттын картасы
Байланышта болуңуз

+996 312 555111
+996 312 555222
caiag@caiag.kg