БАЖПИИде АКШнын Геологиялык кызматынын катышуусунда Кыргызстандын суу ресурстарын талкуулоо боюнча жумушчу жыйын өткөрүлдү
22-июнда Борбордук Азиялык Жерди прикладдык изилдѳѳ институтунда АКШнын Геологиялык кызматынын (USGS) суу ресурстары боюнча адистери Кристина Мастерсон, Джон Лейн, Лиа Дэвидсон жана Антене Сарбейнс менен жумушчу жыйын өткөрүлдү.
Жолугушууда Кыргызстандын суу ресурстарын изилдөө боюнча илимий кызматташууга көңүл бурулду.
Геологиялык кызматынын өкүлү Кристина Мастерсон алардын уюму ачык илимге жана ачык маалыматтардын принциптерине негизделген илимий иштерге гана багытталганын түшүндүрдү. Мисалы, негизинен суунун сапатын көзөмөлдөө жана ошол боюнча топтолгон маалыматтарды талдоо, табигый кырсыктар, энергия, минералдар жана экосистемалар боюнча маалыматтарды системалаштыруу боюнча иштейт.
Кыргызстандын Жашыл Альянсынын башкармалыгынын төрайымы Марал Сагыналиева жашыл технологияларды ишке ашыруу боюнча уюмдар аралык иштер, ошону менен катар жашыл экономиканы өнүктүрүү үчүн банк секторунун катышуусундагы жараян тууралуу баяндап берди.
Содиректор Болот Молдобеков орбордук Азиялык Жерди прикладдык изилдѳѳ институтунун тарыхын жана негизги иш багыттарын, анын ичинде станцияларды жабдуу, мөңгүлөрдү, кар катмарын жана атмосфераны изилдөө ыкмаларын, сейсмикалык коркунучтар тууралуу эрте эскертүү тармагы, жер көчкү жана сел коркунучу бар зоналардын каталогу жөнүндө сөз кылды.
КМТУнун суу менен камсыздоо жана сууну бөлүштүрүү кафедрасынын башчысы Ташмухамед Каримов "Кыргыстан Республикасындагы суу менен камсыздоо тармагынын кызматкерлерин даярдоо, кайра даярдоо жана квалификациясын жогорулатуу борбору" темасында презентацияны сунуштады.
Жолугушуунун жыйынтыгында тараптар биргелешкен изилдөөлөрдүн темаларын аныктоо, маалыматтар менен алмашуу жана окутуу үчүн окумуштуулардын ортосундагы байланышты күчөтүүнү макулдашышты.



