Центрально-Азиатский Институт прикладных Исследований Земли (ЦАИИЗ)

Центрально-Азиатский Институт прикладных Исследований Земли (ЦАИИЗ)
Central-Asian Institute for Applied Geosciences (CAIAG)

2024-жылдын 4-июнунда, Борбордук Азия Жерди прикладдык изилдөө институтунда (БАЖПИИ) семинар болуп өттү

2024-жылдын 4-июнунда, Борбордук Азия Жерди прикладдык изилдөө институтунда "Коркунучтарды, тобокелдиктерди, алсыздыкты жана туруктуулукту комплекстүү талдоо жана баалоо, ошондой эле өзгөчө кырдаалдарды жана кырсыктарды башкарууга комплекстүү мамиле" темасында семинар болуп өттү.

Иш-чара Германиянын Федералдык билим берүү жана илим министрлиги тарабынан каржыланган  INCREASE изилдөө долбоорунун алкагында уюштурулду. Бул долбоор 2021-жылдын январь айында башталган жана 2025-жылдын январына чейин эсептелген. Бул долбоор  табигый кырсыктардын коркунучун, шаар курууну жана социалдык аспектилерди изилдөөгө жана башкарууга багытталган. 

msg905951358-18548.jpgmsg905951358-18871.jpg

Долбоордун катышуучулары алдыңкы илимий мекемелер жана университеттер, ошондой эле Германиянын улуттук органдары жана платформалары болду. INCREASE изилдөө долбоорунун негизги максаты - Германиянын жарандык коопсуздук боюнча изилдөөлөрүн бекемдөө жана интернационалдаштыруу, билим жана инновациялар менен бөлүшүү үчүн эл аралык жана дисциплиналар аралык өнөктөштүктү жайылтуу.

 logo real

Борбордук-Азиялык Жерди прикладдык изилдѳѳ институту

Кыргыз Республикасы
720027 Бишкек
Тимур Фрунзе көчөсү 73/2


Байланыш
Сайттын картасы
Байланышта болуңуз

+996 312 555111
+996 312 555222
caiag@caiag.kg