Центрально-Азиатский Институт прикладных Исследований Земли (ЦАИИЗ)

Центрально-Азиатский Институт прикладных Исследований Земли (ЦАИИЗ)
Central-Asian Institute for Applied Geosciences (CAIAG)

БАЖПИИнин кенже илимий кызматкери Перизат Иманалиева баяндама жасады

 2024-жылдын 30-ноябрында И.Раззаков атындагы Кыргыз мамлекеттик техникалык университетинде DEvision долбоору тарабынан уюштурулган бүткүл дүйнөлүк геомаалыматтык системалар күнүн (ГИС) майрамдоонун алкагында семинар болуп өттү. Борбордук Азия Жерди прикладдык изилдөө институтунан (БАЖПИИ), " Мониторинг системалары жана маалымат кѳзѳмѳлдѳѳ бѳлүмү" бөлүмүнүн кенже илимий кызматкери Иманалиева Перизат Акжолтаевна өз кезегинде баяндама жасады

Анын баяндамасы 2020-жылдагы Каракече жер көчкүсүн комплекстүү изилдөө үчүн жерди аралыктан зонддоонун маалыматтарын иштеп чыгуунун заманбап ыкмаларын жана ГИС(геомаалыматтык системасы)-технологияларын колдонууга арналган. Иманалиева эл аралык "Геориск" илимий журналына жарыяланган изилдөөнүн жыйынтыгын сунуштады. (шилтеме: https://shorturl.at/0b4MQ). Ал өз ишинде жер көчкүнүн өнүгүү динамикасын ар кандай спектрдик диапазондору бар жогорку чечилиштеги (Sentinel-2, Landsat 8) спутниктик сүрөттөр катары ДЗЗ маалыматтарынын ар кандай булактарын пайдалануу менен деталдуу талдаганын байкоого болот. Бул маалыматтар жер көчкүгө чейинки, учурунда жана андан кийинки мезгилдеги ландшафттын өзгөрүшүн чагылдырган убакыт катарларын жараткан. ГИС-технологияларын колдонуу гетерогендүү маалыматтарды бирдиктүү мейкиндик базасына интеграциялоого мүмкүндүк берди. Бул жер көчкүгө алып келген факторлорду мейкиндикте талдоо жана моделдөө мүмкүнчүлүгүн камсыз кылды. Баяндамада аймактын геологиялык түзүлүшү, гидрогеологиялык шарттар, сейсмикалуулук, геодинамикалык жана климаттык өзгөчөлүктөр жана адамдын таасири сыяктуу факторлор каралды. Иманалиева бул факторлордун ар биринин эңкейиштин туруктуулугуна тийгизген таасирин баалоого мүмкүндүк берген моделдөөнүн жыйынтыктарын сунуштады.

WhatsApp_Image_2024-12-03_at_11.15.39.jpeg

БАЖПИИнин кенже илимий кызматкери Перизат Иманалиева семинардын катышуучулары менен

Презентациянын корутунду бөлүгүндө мындан аркы изилдөөлөрдүн перспективалары жана Кыргызстандын башка региондорунда жер көчкүлөрдү болжолдоо үчүн иштелип чыккан ыкмаларды колдонуу мүмкүнчүлүктөрү талкууланды. Келечектеги кырсыктардын алдын алуу үчүн геологиялык кырдаалга мониторинг жүргүзүүнүн жана кооптуу геологиялык процесстердин активдешүү белгилерин өз убагында табуунун маанилүүлүгү баса белгиленди. Жалпысынан семинар геология, экология жана өзгөчө кырдаалдардын алдын алуу жаатындагы маселелерди чечүү үчүн заманбап ДЗЗ жана ГИС технологияларын колдонуунун жогорку актуалдуулугун көрсөттү. Презентациядан кийинки талкуу семинардын катышуучуларынын берилген жыйынтыктарга жана изилдөө методдоруна болгон кызыгуусун көрсөттү.

 logo real

Борбордук-Азиялык Жерди прикладдык изилдѳѳ институту

Кыргыз Республикасы
720027 Бишкек
Тимур Фрунзе көчөсү 73/2


Байланыш
Сайттын картасы
Байланышта болуңуз

+996 312 555111
+996 312 555222
caiag@caiag.kg