Центрально-Азиатский Институт прикладных Исследований Земли (ЦАИИЗ)

Центрально-Азиатский Институт прикладных Исследований Земли (ЦАИИЗ)
Central-Asian Institute for Applied Geosciences (CAIAG)

БАЖПИИнин 20 жылдыгына арналган конференция

2024-жылдын 8-9-октябрында Борбордук Азия Жерди прикладдык изилдөө институту (БАЖПИИ) "Борбордук Азиядагы Жерди прикладдык изилдөөнүн мурдагы жетишкендиктери жана келечектеги милдеттери"аттуу конференция өткөрдү. Институттун 20 жылдыгына арналган иш-чара "климат жумалыгы" демилгесинин жана "тоолуу аймактарды туруктуу өнүктүрүү максатында беш жылдык иш-аракеттер" (2023-2027) иш-чараларынын циклинин алкагында өттү.

IMG 1205

Конференция Кыргызстан Эл аралык университетинин (МУК) имаратында болуп, Борбордук Азия өлкөлөрүнүн эксперттери ошондой эле Европа өлкөлөрүнүн өкүлдөрү чогулду. Катышуучулар Жерди прикладдык изилдөө жаатындагы актуалдуу маселелерди жана жетишкендиктерди талкуулашты.

Конференциянын алкагында үч параллель семинар өттү:

1.Семинар:"Борбордук Азиядагы коркунучтуу табигый процесстер жана кубулуштар"

2.Семинар: "Борбор Азиядагы глобалдык өзгөрүүлөр жана аймактык өнүгүү: суу ресурстарына жана криосферага тийгизген таасири"

3.Семинар: "Тоолор жана Климат"

Семинарлардын ар бири конструктивдүү пикир алмашууга өбөлгө түздү, бул илимий изилдөөлөр жана регионду туруктуу өнүктүрүү чөйрөсүндө кызматташуунун маанилүүлүгүн баса белгиледи.

Уюштуруучулар куттуктоо сөздөрүндө конференциянын илимий коомчулукту мындан ары өнүктүрүү жана өлкөлөр ортосундагы өз ара аракеттешүүнү жакшыртуу маанилүүлүгүн белгилешти. Мындан ары да БАЖПИИ климаттын өзгөрүшүнө жана табигый тобокелдиктерге байланыштуу көйгөйлөрдү чечүүгө багытталган долбоорлор боюнча ишти улантууну пландап жатат.

 logo real

Борбордук-Азиялык Жерди прикладдык изилдѳѳ институту

Кыргыз Республикасы
720027 Бишкек
Тимур Фрунзе көчөсү 73/2


Байланыш
Сайттын картасы
Байланышта болуңуз

+996 312 555111
+996 312 555222
caiag@caiag.kg