БАЖПИИде GIZ программасынын өкүлдөрү менен «Smart Water» долбоору боюнча жолугушуу өттү
2025-жылдын 25-июнунда Борбордук-Азиялык Жерди прикладдык изилдѳѳ институтунда (БАЖПИИ) Германиянын Эл аралык кызматташтык боюнча коомунун (GIZ) «Жашыл экономика жана жеке секторду туруктуу өнүктүрүү» программасынын өкүлдөрү менен жолугушуу болуп өттү. Жолугушуу «Smart Water» долбооруна арналды.
Аталган долбоордун максаты — алыскы жана суу жетүүсү кыйын болгон айыл чарба жерлерин сугарып, ошол эле учурда «жашыл» электр энергиясын өндүрө турган ирригациялык комплекстерди түзүү. Бул технологиянын жардамы менен Кыргызстандын алыскы аймактарындагы айдоо аянттары көбөйүп, фермерлердин кирешеси жогорулары күтүлүүдө.
Жолугушуунун алкагында долбоорду ишке ашыруунун этаптары жана өлкөнүн ар кайсы аймактарында комплекстерди орнотуу үчүн ылайыктуу жерлерди аныктоо маселелери талкууланды.
БАЖПИИ жолугушууда көтөрүлгөн маселелерди өзгөчө маанилүү деп эсептейт жана долбоорду өнүктүрүү боюнча мындан аркы диалогду улантууга даяр.