Тарыхы
Институттун тарыхы
Борбордук-Азиялык Жерди прикладдык изилдѳѳ институтунун (БАЖПИИ) расмий ачылышы 2006-жылдын 21-августунда өттү. Бул күнгө - мекеменин жумушуна байланыштуу уюштуруу, макулдашуу, курулуш жана башка иштер - 10 жылдык кылдат жана ынталуу эмгек алып келди, БАЖПИИнин ачылышы Кыргыз Республикасынын Ѳкмѳтү жана Германиялык Жерди изилдѳѳ борбору Потсдам шаарынын уюштуруучуларынын колдоосу менен ишке ашты.
БАЖПИИнин негиздөөчүлөрүнүн (Потсдам ГФР жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтү) колдоосу менен гана институтту түзүү идеясын ишке ашырууга мүмкүн болду. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2002-ж.1-августундагы буйругу менен Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен Германия Федеративдүү Республикасынын Потсдам Жерди изилдөө борборунун ортосунда Бишкек шаарында Борбордук Азиялык Жерди прикладдык Изилдөө Институтун түзүү жөнүндө Биргелешкен келишимдин долбоору макулдашылды.
Кооперативдик Макулдашууну жүзөгө ашыруу максатында, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2003-ж. токтому менен Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен Потсдам Жерди изилдөө борборунун, Германия ортосунда Уюштуруучу келишимге кол коюлду. Уюштуруучу келишимге ылайык, кыргыз тарап БАЖПИИни жайгаштыруу үчүн имараттарды бөлүп берет жана институттун илимий-изилдөө иштерин каржылайт, ал эми немец тарабы имаратты (административдик имаратты) кайрадан оңдоп, илимий, технологиялык жана оргтехниканы сатып алууга каражат бөлөт.
Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин БАЖПИИнин түзүүдөгү ролун белгилей кетүү керек, ал бул институтту түзүү зарылдыгын негиздеп, институттун өнүгүшүн колдоп келет.
2005-ж. илимий-техникалык адистерди тартуу процесси башталды, ал ушул күнгө чейин уланууда. Институттун штаттык курамын 84 кызматкерге жеткирүү пландарыбыз бар.
БАЖПИИнин илимий иши институттун расмий ачылышынан бир топ убакыт мурун башталган. Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлиги менен биргеликте GFZ Потсдам 2004-2006-жж. изилдөө иштери жаратылыш кубулуштар жөнүндө так маалымат алуу үчүн заманбап жер үстүндөгү жана дистанттык изилдөө ыкмаларын колдонуу менен жүргүзүлдү.Тагыраак айтканда, Кыргызстандын түштүгүндөгү жер көчкү процесстерин изилдөө боюнча иштер жүргүзүлүп, алардын пайда болушу, өнүгүү динамикасы жана жадануу мүмкүн болгон мезгилдер аныкталып, жер көчкү иштеринин картасы түзүлгөн.
2004-2005-жж. Эл аралык экспедициялар Австриялык, Германиялык, Орусиялык, АКШлык, Франциялык жана Кыргызстандык адистердин катышуусу менен Мерцбахер көлүнүн жарылышы жана Эңилчек мөңгүсүнүн деградациясын изилдөөлөрү өткөрүлдү. Талаадагы байкоолор жана аралыктан иликтөөнүн ыкмаларын колдонуу менен, көлдүн жарылышынын себеби жана мөңгүнүн динамикасы аныкталып, спутниктик мониторинг тармагы курулган. Бул, айрыкча, Кыргызстан, Орусия, КЭР өкмөтүнүн Эңилчек жана Сарыжаз дарыяларында гидроэлектрстанцияларынын каскадын түзүү жөнүндө чечимине байланыштуу актуалдуу болуп келет.
2005-ж. Галилео / GPS-көзөмөлдөөчү станция жергиликтүү аба-ырайы станциясы эл аралык Галилео аба ырайы тармагынын курамына киргизилген. Станция тарабынан алынган маалыматтар жер кыртышынын стресстик жана чыңалуу векторлорунун көлөмүн аныктоодо, ошондой эле метеорологияда колдонулат.
2005-ж. ноябрында Германиянын Геологиялык коомунан уникалдуу илимий китепкана белек катары алынды. Китепкананын фондунда 100000ден ашык нускадагы монографиялар орус, англис, немис жана башка тилдердеги басылмалар бар. Китепкана эл аралык маалымат борборлорунун электрондук маалымат базаларына кире алат.
2006-ж. июль-августунда Борбордук Азиянын тектоникасын изилдөө долбоорунун алкагында GPS өнөктүгү өткөрүлдү. Кыргызстан жана Германия адистеринен турган экспедициялар Кыргызстан, Казакстан жана Тажикстандагы GPS түйүндөрүнүн координаттарын ченеп чыгышты.