Центрально-Азиатский Институт прикладных Исследований Земли (ЦАИИЗ)

Центрально-Азиатский Институт прикладных Исследований Земли (ЦАИИЗ)
Central-Asian Institute for Applied Geosciences (CAIAG)

Бөлүмдүн негизги максаттары жана милдеттери

Бөлүмдүн ишинин негизги максаты – БАЖПИИнин татыктуу имиджин калыптандыруу жана колдоо, Кыргыз Республикасынын кызыкчылыктарын камсыздоо жана тышкы экономикалык ишмердүүлүктүн прогрессивдүү өнүгүүсүн камсыз кылуу максатында БАЖПИИнин тышкы уюмдар менен байланышын түзүү, чыңдоо жана өнүктүрүү; ошондой эле протоколдук жана өкүлчүлүктүү иш-чараларды уюштуруу жана өткөрүү.

Бөлүмдүн негизги милдеттери:
БАЖПИИнин долбоорлорун ишке ашыруунун алкагында, интеграциялык институттарга БАЖПИИнин мүчөлүгүнүн алкагында, БАЖПИИ менен чет өлкөлүк улуттук уюмдардын жана эл аралык институттардын ортосундагы кызматташтыкты колдоо жана өнүктүрүү;

БАЖПИИнин эл аралык кызматташуу маселелери боюнча Кыргыз Республикасынын мамлекеттик органдары менен өз ара аракеттенүү;

Өкмөттөр аралык комиссиялардын ишинин алкагында БАЖПИИнин ишин координациялоо;

Көп тараптуу мамилелердин алкагында ишти уюштуруу;

Кыргыз Республикасынын чет өлкөлөрдөгү элчиликтери менен иштиктүү кат алышууну киргизүү;

Эл аралык уюмдар, интеграциялык институттар жана башка уюмдар менен БАЖПИИнин эл аралык кызматташуусунун алкагында эл аралык келишимдердин жана макулдашуулардын маалымат базасын жүргүзүүнүн эсебин жүргүзүү ж.б.;

Кызматкерлерди, консультанттарды жана БАЖПИИнин тарабынан расмий түрдө чакырылган адамдарды жол жүрүү документтерин (визалык колдоо, авиабилеттер, паспорттор) менен камсыз кылууну уюштуруу. Долбоордук сунуштарды жана ТТ жазуу жана даярдоо, донордук стандарттарга ылайык, ДБ, АӨБ ж.б.

 logo real

Борбордук-Азиялык Жерди прикладдык изилдѳѳ институту

Кыргыз Республикасы
720027 Бишкек
Тимур Фрунзе көчөсү 73/2


Байланыш
Сайттын картасы
Байланышта болуңуз

+996 312 555111
+996 312 555222
caiag@caiag.kg