Центрально-Азиатский Институт прикладных Исследований Земли (ЦАИИЗ)

Центрально-Азиатский Институт прикладных Исследований Земли (ЦАИИЗ)
Central-Asian Institute for Applied Geosciences (CAIAG)

Миссиясы жана максаты

Миссиясы жана максаты

Билдирилген миссия

Борбордук Азиялык Жерди прикладдык Изилдөө Институту (БАЖПИИ) коммерциялык эмес илимий мекеме. БАЖПИИнин негиздөөчүлөрү болуп Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жана Германиянын Потсдамдагы Жерди изилдөө борбору болуп саналат. БАЖПИИ илимий негизделген чечимдерди кабыл алуу үчүн жаратылыш кырсык коркунучтарын азайтуу, суу ресурстарын башкаруу жана Борбор Азия глобалдык өзгөрүүлөргө адаптациялоо маселелери боюнча көп тармактуу илимий жана практикалык изилдөө жүргүзөт.

Изилдөөнүн жалпы максаты

Изилдөөнүн жалпы максаты айлана-чөйрөдөгү коркунучтуу өзгөрүүлөрдүн көрүнүштөрүн аныктоо, жаңы ыкмаларды иштеп чыгуу жана жаратылыш кырсыктар коркунучун азайтуу жана аймактын туруктуу өнүгүүсүн камсыз кылуу жаатында практикалык колдонууга өбөлгө түзгөн илимий натыйжаларга жетишүү.

Изилдөө объекттери жана багыттары

Изилдөөнүн объектиси болуп жаратылыш процесстер жана кубулуштар, Борбордук Азия чөлкөмүндөгү адамдын айлана-чөйрөгө тийгизген өзгөрүүлөр эсептелет. Институттун изилдөө иштеринин негизги багыттары аныктады, аларга төмөнкүлөр кирет:

а) глобалдык жана регионалдык өзгөрүү процесстерин жана алардын айлана-чөйрөгө тийгизген таасирин изилдөө;

б) кооптуу жаратылыш процесстерге жана кубулуштарга мониторинг жүргүзүү, көп тармактуу коркунучтарга баа берүү, кырсыктарга алсыздыкты азайтуу;

в) геодинамика жана геокатастрофа; климат, суу жана геоэкология; техникалык инфраструктура жана маалыматты башкаруу тармактарында прикладдык изилдөө жүргүзүү;

г) потенциалды өнүктүрүү боюнча иш-чаралар жүргүзүү.

Профиль жана компетенция

Институттун изилдөө иш-аракеттери жаратылыш системаларынын жана калктын жаратылыш коркунучунун алсыздыгы жагынан Борбордук Азия чөлкөмүндө Жерди изилдөө илимдерин камтыйт: геология, геофизика, геодезия, геодинамика, инженердик геология, жаңы тектоника, гидрогеология, гидрология, климатология, гляциология, геоэкология жана дистанттык зонд методдору.

БАЖПИИ - жаратылыш процесстердин жана кубулуштардын өнүгүшүнүн убактылуу жана мейкиндиктик ченемдерин терең изилдөөгө мүмкүндүк берген заманбап жер үстүндөгү жана дистанттык байкоо ыкмаларын колдонуп, Борбордук Азиядагы динамикалуу өнүгүп келе жаткан илимий борбор. Бул максаттарга жетүү үчүн метеорологиялык, GPS жана сейсмикалык станциялардын тармагы, гидрометеопосттор, маалыматтарды дистанттык чечмелөө колдонулат.

Көп көлөмдөгү маалыматтарды сактоо үчүн ар кандай булактардан алынган гео-маалыматтардын олуттуу көлөмүн камтыган маалыматтар базасынын инфраструктурасы түзүлүп, иштелип чыгууда. Геодатабазада колдонуучуларга тез жетүү үчүн веб-интерфейс бар.

БАЖПИИ Жер илимдери чөйрөсүндө ар кандай институционалдык деңгээлде билим жана маалымат берүүнү камсыз кылат.

 logo real

Борбордук-Азиялык Жерди прикладдык изилдѳѳ институту

Кыргыз Республикасы
720027 Бишкек
Тимур Фрунзе көчөсү 73/2


Байланыш
Сайттын картасы
Байланышта болуңуз

+996 312 555111
+996 312 555222
caiag@caiag.kg