Центрально-Азиатский Институт прикладных Исследований Земли (ЦАИИЗ)

Центрально-Азиатский Институт прикладных Исследований Земли (ЦАИИЗ)
Central-Asian Institute for Applied Geosciences (CAIAG)

GNSS мониторинги

Азыркы учурда БАЖПИИ тармагы Кыргызстанда (25), Өзбекстанда (3), Тажикстанда (1) жана Афганистанда (1) жайгашкан 30 туруктуу станцияны камтыйт. Алардын бир бөлүгү ROMPS тибиндеги кыйла кубаттуу комплекстүү станциялардын курамына кирет, мында GNSS  кабылдагычтардан тышкары ар кандай метеорологиялык датчиктердин топтому да бар.­­­­ Айрым учурларда ROMPS станцияларына сейсмикалык станциялар жана гидрологиялык жабдуулар туташтырылган. Тармактын                GNSSтин  башка бөлүгүн жалгыз көзөмөл станциялары түзөт, алардын айрымдарына кийинчерээк чакан VAISALA метеостанциялары кошулган. Бардык станциялар автоматтык, автономдуу жана тейлөөсүз. Станциялардын жайгашкан жерине жана алардан алынган маалыматтардын көлөмүнө жараша, маалыматтарды берүү интернет же VSAT спутник системасы аркылуу же мобилдик байланыш аркылуу жүргүзүлөт. Бири-бирине жакын  аралыкта жайгашкан станциялардын топтору үчүн бир станциядан экинчи станцияга радиомодемдик маалымат берүү уюштурулуп, негизги станцияга Мо спутник системасы менен кирүүгө болот. Бардык маалыматтарды чогултуу автоматтык түрдө Интернет, спутник жана мобилдик байланыш аркылуу жүргүзүлөт. Суткалык маалыматтарды иштеп чыгуу Gamit/Globk программалары, ошондой эле автоматтык режимде жүргүзүлөт.

GNSS трамагы негизинен 2 тапшырманы аткарат. Алардын биринчиси-Борбордук Азиянын жер кыртышынын тектоникалык кыймылынын ылдамдыгынын өзгөрүшүнө регионалдык мониторинг жүргүзүү. Негизинен, бул аймак боюнча бөлүнгөн ROMPS станциялары  алектенет. Кошумча кызматы бул - тектоникалык жаракаларды, жер көчкүлөрдү же мөңгүлөрдү камтыган кичинекей участоктордун жер бетинин деформация ылдамдыгын изилдөө.

Узак убакыттан бери БАЖПИИ айыл чарба министрлигинин GHZ 1.2-бөлүмү менен биргеликте Мерцбахер көлүнүн жанындагы Эңилчек мөңгүсүндө байкоо жүргүзүп келет. Көлдүн өзгөчөлүгү, адатта, жылына бир жолу анын ачылышы болуп, көлдөгү бардык суу муз дамбасынын астына жана андан ары Эңилчек дарыясынын ылдый жагына Кытайга кетет. Түштүк Энилчек мөңгүсүнүн кыймыл ылдамдыгы Мерцбахер көлү багытында жылына болжол менен 100 м түзөт. Ал эми жарака учурунда дамба 10-20 метрге көтөрүлөт.

DSC 2265a

Жаракалардагы кыймылды изилдөө үчүн Кыргызстандын Тянь-Шань Памирге жакын жайгашкан Алай өрөөнү тандалып алынган. Бул жерде жылына 10 мм ашык  – Борбордук Азиядагы эң чоң салыштырмалуу кыймылдар байкалат . 2013-жылы өрөөндүн батыш бөлүгүндө Алтын-Дара дарыясынын меридианы боюнча 4GNSS станциянын профили орнотулган, алардын түндүк станциясы Тянь – Шандын түптүү жерлеринде, ал эми түштүгү Памирдин түпкү чыгуучу жерлеринде жайгашкан. 2015-жылы бул профилге дагы 3 станция кошулган, алардын эң түштүгү Кыргызстандын Тажикстан менен чектешкен эң түштүк четине жакын Алтын Мазар деген жерде жайгашкан. Алай өрөөнүнүн чыгышында Сары-Таш калктуу конушунун профили боюнча дагы 3 жаңы станция орнотулду.

2017 01 31 08 51 39 Google Earth 2

 logo real

Борбордук-Азиялык Жерди прикладдык изилдѳѳ институту

Кыргыз Республикасы
720027 Бишкек
Тимур Фрунзе көчөсү 73/2


Байланыш
Сайттын картасы
Байланышта болуңуз

+996 312 555111
+996 312 555222
caiag@caiag.kg