2024 Байкоочу кеңештин жана уюштуруучулар кеңешинин жыйыны
2024-жылдын 7-октябрында БАЖПИИде Байкоочу кеңештин жана Уюштуруучулар кеңешинин 17-жыйыны болуп өттү. Жыйынга Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлигинин, Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин өкүлдөрү, Германиянын Кыргызстандагы элчиси доктор Габриэла Геллил, ошондой эле Потсдамдагы Гельмгольц атындагы Немис геоилимдер изилдөө борборунун илимий директору жана басма сөз катчысы профессор доктор Сьюзан Буйтер катышты.
БАЖПИИнин 2023–2024 – жылдардагы ишмердүүлүгү тууралуу Директорат отчет берди жана мындан аркы перспективалары туралуу талкууланды. Байкоочу кеңеш отчеттук мезгилде илимий бөлүмдөр тарабынан илимий-изилдөө программасынын алкагында изилдөөлөр жүргүзүлгөндүгүн жана үчүнчү булактардын долбоорлору боюнча илимий-колдонмо иштер аткарылгандыгын белгиледи. Байкоочу кеңеш жана Уюштуруучулар кеңеши БАЖПИИнин жүргүзгөн иштерин канааттануу менен кабыл алды.
Өз материалдар боюнча даярдалды.