Центрально-Азиатский Институт прикладных Исследований Земли (ЦАИИЗ)

Центрально-Азиатский Институт прикладных Исследований Земли (ЦАИИЗ)
Central-Asian Institute for Applied Geosciences (CAIAG)

Космос жана ири кырсыктар боюнча Эл аралык хартиянын долбоорлорун башкаруу боюнча тренинг

2024-жылдын 26-27-сентябрында Борбордук Азиялык Жерди прикладдык изилдөө институтунда (БАЖПИИ) Космос жана ири кырсыктар боюнча Эл аралык хартиянын долбоорлорун башкаруу боюнча тренинг болуп өттү. Тренингди Хартиянын Аткаруучу катчысы Шираиши Такеши (JAXA) өткөрдү. Тренингдин жүрүшүндө катышуучуларга COS-2 операциялык системасын жана Charter Mapper программасын кантип колдонуу керектиги айтылып, көрсөтүлдү.

5454060067772030111.jpg

Тренингдин катышуучулары

Тренингге БАЖПИИнин төмөнкү кызматкерлери катышты:

1-бөлүм "Геодинамика жана геокоркунучу" : Адбыбачаев У.А., Усупаев Э., Бектурсунов Ж. З., Казиев Э.Б.

2-бөлүм "Климат, суу жана геоэкология" : Осмонов А.Т., Эсенаман уулу М., Сатаров С. С., Мырзабекова А.М., Хаас Ф.

3-бөлүм "Мониторинг системалары жана маалымат көзөмөлдөө": Иманалиева П.А., Андропов И.В., Исмаилов М. К.

4-бөлүм "Потенциалды өнүктүрүү жана илимий кызматташуу": Алыбаева Н.Д., Токтосунова Ж. Н.

Космос жана ири кырсыктар боюнча эл аралык хартия - ири кырсыктар болгон учурда анын катышуучуларынын алыстан зонддоо спутниктеринен сүрөттөрдү акысыз алууну жана пайдаланууну караган эл аралык коммерциялык эмес келишим. Хартия UNISPACE III конференциясынан кийин Европа космостук агенттиги (ESA) жана француз CNES агенттиги тарабынан негизделген (Вена, Австрия, 1999-жылдын июль айында). Расмий түрдө 2000-жылдын 1-ноябрында күчүнө кирген.

5456530215133109937.jpg

БАЖПИИнин директору Болот Молдобеков, Хартиянын Аткаруучу катчысы Шираиши Такеши (JAXA) жана  1-бөлүмүнүн жетекчиси Улан Абдыбачаев

 logo real

Борбордук-Азиялык Жерди прикладдык изилдѳѳ институту

Кыргыз Республикасы
720027 Бишкек
Тимур Фрунзе көчөсү 73/2


Байланыш
Сайттын картасы
Байланышта болуңуз

+996 312 555111
+996 312 555222
caiag@caiag.kg