БАЖПИИнин со-директору Болот Молдобеков DAAD кеңсесинин салтанаттуу ачылышына катышты
2026-жылдын 22-сентябрында Бишкекте Борбордук Азиялык Жерди прикладдык изилдѳѳ институтунун со-директору Болот Молдобеков DAAD (Германиянын академиялык алмашуу кызматынын) Борбордук Азия кеңсесинин расмий ачылыш аземине катышты.
Конокторду Германия Федеративдик Республикасынын Кыргыз Республикасындагы Атайын жана Ыйгарым укуктуу элчиси Моника Ленхард, DAAD вице-президенти Мюриэль Хельбиг жана DAAD кеңсесинин башчысы Гизела Циммерманн тосуп алышты.
Аземге Кыргызстан менен Германиянын академиялык коомчулук өкүлдөрү катышты.
БАЖПИИ изилдөөчүлөрүнүн потенциалын ишке ашыруу жана эл аралык долбоорлорду иштеп чыгуу үчүн DAAD менен кызматташууну колдойт.
DAAD кеңсеси Германияда окуу же такшалма үчүн стипендиялар жөнүндө маалымат берет. Аймактык кеңсе Кыргызстан менен Германиянын ортосундагы илимий байланыштарды чыңдоого көмөктөшүүдө.




