Бавариялык өнөктөштөр БАЖПИИнин ишмердүүлүгү менен таанышып, суу ресурстары жаатындагы болочоктогу кызматташтыкты талкуулашты
2026-жылдын 18-сентябрында Мюнхен техникалык университетинин(TUM), Мюнхендин суу чарба башкармалыгынын (WWA München), Мюнхендин шаардык курулуш департаментинин, Бавариялык изилдөө бирикмесинин (BayFOR), Вайльхаймдын суу чарба башкармалыгынын (WWA WM), Бавариялык айлана чөйро боюнча агенттигинин (LfU), Ингольштаддын суу чарба башкармалыгын (WWA Ingolstadt), Биберахтык колдонмо илимдеринин университетинин (Hochschule Biberach) кызматкерлеринен түзүлгөн делегация «WE-ACT: климаттык шарттарды эске алуу менен суу ресурстарын бөлүштүрүү"долбоорунун өнөктөшү катары Борбордук Азиялык Жерди прикладдык изилдөөлөр институтуна келди.
Жолугушуунун жүрүшүндө "Потенциалды өнүктүрүү жана илимий кызматташтык" бөлүмүнүн жетекчиси Назгүл Алыбаева институттун түзүмү, анын ишмердигинин негизги багыттары жана илимий-изилдөө приоритеттери менен тааныштырды.
"Климат, суу жана геоэкология" бөлүмүнүн жетекчиси Ольга Калашникова Борбордук Азия аймагында ишке ашырылып жаткан долбоорлор жана суу ресурстары жаатындагы изилдөөлөр тууралуу айтып берди.
Долбоордун координатору доктор Цзиншуй Хуан (Jingshui Huang) долбоордун максаты, учурдагы натыйжалары жана аны ишке ашыруунун негизги багыттары жөнүндө маалымат берди.
Жолугушуунун соңунда кыргызстандык жана германиялык кесиптештер суу ресурстарын башкаруу тармагында мындан аркы кызматташуунун келечегин жана Борбор Азиядагы актуалдуу суу жана климаттык чакырыктарды чечүүгө багытталган биргелешкен демилгелерди ишке ашыруу мүмкүнчүлүктөрүн талкуулашты.






