БАЖПИИ WE-ACT долбоорунун алкагында WEAP модели боюнча окутуу уюштурду
Окутуу Сыр-Дарыя бассейни жана Нарын-Фергана системасы үчүн WE-ACT WEAP модели менен практикалык иш-аракеттерди камтыды. Катышуучулар WEAP моделин кантип иштетүүнү, анын жыйынтыктарын чечмелөөнү үйрөнүштү жана ар кандай климаттык сценарийлерде суу ресурстарын бөлүштүрүүнү, суу сактагычтардын жана гидроэнергетиканын иши тууралуу маселерди карап чыгышты. WEAP моделин miraX DSS чечимдерди колдоо тутуму менен биргелешүүгө өзгөчө көңүл бурулду.
Окутуунун катышуучуларына сертификаттар тапшырылды. Окуу кыргызстандык адистердин суу ресурстарын интеграцияланган башкаруу жана заманбап модель түзүү куралдарын колдонуу боюнча потенциалын ишке ашыруу үчүн платформа болду.






