Центрально-Азиатский Институт прикладных Исследований Земли (ЦАИИЗ)

Центрально-Азиатский Институт прикладных Исследований Земли (ЦАИИЗ)
Central-Asian Institute for Applied Geosciences (CAIAG)

БАЖПИИ WE-ACT долбоорунун алкагында WEAP модели боюнча окутуу уюштурду

2026-жылдын 10–11-сентябрында Бишкекте Борбордук Азиялык Жерди прикладдык изилдѳѳ институту WE-ACT (Борбордук Азиянын чек ара аралык дарыя бассейндеринде сууну натыйжалуу бөлүштүрүү) долбоорунун өнөктөшү катары WEAP (Сууну баалоо жана адаптациялоону пландаштыруу) моделин колдонуу боюнча тренинг уюштурду.
Окутууну FutureWater компаниясынын өкүлү Брехт Д'Хайер өткөрдү.

Окутуу Сыр-Дарыя бассейни жана Нарын-Фергана системасы үчүн WE-ACT WEAP модели менен практикалык иш-аракеттерди камтыды. Катышуучулар WEAP моделин кантип иштетүүнү, анын жыйынтыктарын чечмелөөнү үйрөнүштү жана ар кандай климаттык сценарийлерде суу ресурстарын бөлүштүрүүнү, суу сактагычтардын жана гидроэнергетиканын иши тууралуу маселерди карап чыгышты. WEAP моделин miraX DSS чечимдерди колдоо тутуму менен биргелешүүгө өзгөчө көңүл бурулду.

Окутуунун катышуучуларына сертификаттар тапшырылды. Окуу кыргызстандык адистердин суу ресурстарын интеграцияланган башкаруу жана заманбап модель түзүү куралдарын колдонуу боюнча потенциалын ишке ашыруу үчүн платформа болду. 

 

 

 

 

 logo real

Борбордук-Азиялык Жерди прикладдык изилдѳѳ институту

Кыргыз Республикасы
720027 Бишкек
Тимур Фрунзе көчөсү 73/2


Байланыш
Сайттын картасы
Байланышта болуңуз

+996 312 555111
+996 312 555222
caiag@caiag.kg