БАЖПИИ со-директору Болот Молдобеков климаттын өзгөрүшүнүн жаратылыш ресурстарына таасирин азайтуу боюнча талкууга катышты
2026-жылдын 16-17-сентябрында Борбордук Азиялык Жерди прикладдык изилдѳѳ институтунун со-директору Болот Молдобеков Ташкентте уюштурулган "Туруктуу өнүгүү үчүн Борбордук Азиядагы жаратылыш ресурстарына климаттын өзгөрүшүнүн таасирин азайтуунун жолдору" аталышындагы эл аралык илимий-практикалык конференцияга катышты.
Борбордук Азиянын изилдөөчүлөрү климаттын өзгөрүшүнүн жаратылыш ресурстарына тийгизген таасирин азайтууга байланыштуу маселелерди талкуулашты.
Окумуштуулар билим жана тажрыйба алмашууга, кесиптик тармактарды түзүүгө жана илимий кызматташтыкты өнүктүрүүгө катышышты.
Гидрометеорологиялык изилдөө институту БАЖПИИ со-директору Болот Дүйшөналиевичтин талкуулардагы баяндамасын жана активдүү катышуусун белгиледи: "Сиздин катышууңуз жана кесипкөй пикир алмашууңуз конференциянын ийгилигине олуттуу салым кошту".
Конференцияны Green University-нин Гидрометеорология изилдөө институту ЮНЕСКО, Эл аралык атомдук энергия агенттиги, Бириккен Улуттар Уюмунун Азык-түлүк жана айыл чарба уюму (ФАО), Миграция боюнча эл аралык уюм, Рединг университети (Улуу Британия), Киото университети (Жапония), Фрайбург университети (Швейцария) жана Геоилимдер боюнча илимий-изилдөө борбору (GFZ, Германия) менен биргеликте уюштурду.





