Центрально-Азиатский Институт прикладных Исследований Земли (ЦАИИЗ)

Центрально-Азиатский Институт прикладных Исследований Земли (ЦАИИЗ)
Central-Asian Institute for Applied Geosciences (CAIAG)

БАЖПИИ кызматкери InnoWeek–2026 эл аралык инновациялык идеялар жумалыгына катышты

Ташкентте уюштурулган "Horizon-Europe" инновациялык жумалыгынын алкагында Европа-Борбордук Азия инновациялык форуму Европа Биримдигинен, Кыргызстан, Казакстан, Тажикстан, Түркмөнстан жана Өзбекстандан келген изилдөөчүлөрдү топтоду.

2026-жылдын 28-октябрында Ташкентте Борбордук Азиялык Жерди прикладдык изилдөөлөр институтунун  "Потенциалды өнүктүрүү жана илимий кызматташтык" бөлүмүнүн башчысы Назгүл Алыбаева БАЖПИИ жана GLOFCA долбоору боюнча таанытым баяндама жасады.

Борбордук Азия тажрыйбасынан алынган жаңычыл долбоорлор боюнча сессияда Назгүл Алыбаева ЮНЕСКО-AF GLOFCA долбоорунун "Климаттын өзгөрүү шартында мөңгү көлүнүн жарылуусунан улам пайда болгон суу ташкындарына карата Борбордук Азия аймагындагы калктын жабыркоо тобокелдигин азайтуу" долбоорунун жыйынтыктарын сунуштады.

Бул долбоор ЮНЕСКОнун Адаптация фондунун колдоосу менен мүмкүн болду.

Система жөнүндө көбүрөөк маалымат видео материалдарда -  https://caiag.kg/ru/2023-03-24-10-53-34/1165-20261022

 

 

 logo real

Борбордук-Азиялык Жерди прикладдык изилдѳѳ институту

Кыргыз Республикасы
720027 Бишкек
Тимур Фрунзе көчөсү 73/2


Байланыш
Сайттын картасы
Байланышта болуңуз

+996 312 555111
+996 312 555222
caiag@caiag.kg