БАЖПИИ изилдөөчүсү Рыскул Усубалиев журналисттерге окутуу өткөрдү
2026-жылдын 6-8-июлунда Борбордук Азиялык Жерди прикладдык изилдѳѳ институтунун «Климат, суу жана геоэкология» бөлүмүнүн улук илимий кызматкери Рыскул Усубалиев "BELES 3.0" билим берүү лагерине окутуучу катары чакырылды.
7-июлда Рыскул Абдыжакыпович журналисттерге "Климаттын өзгөрүшүнүн шарттарында Кыргызстандын мөңгүлөрү" темасында теориялык жана практикалык сабак өткөрдү.
"Климаттык лагерь: айлана-чөйрө боюнча укуктар үчүн медиа" лагери журналисттерге эл аралык жана жергиликтүү маалыматтарды талдоонун негизинде климат жана айлана-чөйрө жөнүндө кабарларды экологиялык укуктардын призмасында түзүүгө колдоо максатында уюштурулган.




