БАЖПИИ аймактык өнүктүрүү индикаторун колдонуу боюнча талкууга катышты
2026-жылдын 1-июлунда «Геодинамика жана геотобокелдиктер» бөлүмүнүн башчысы Улан Абдыбачаев жана «Потенциалды өнүктүрүү жана илимий кызматташтык» бөлүмүнүн башчысы Назгүл Алыбаева «Кыргыз Республикасында аймактык өнүгүү жана территориялык теңсиздигин азайтуу үчүн көрсөткүчү катары Аймактык аярлуулук индексинин методологиясы» темасындагы талкууга катышышты.
Экономика жана коммерция министрлигинин, университеттердин өкүлдөрү жана изилдөөчүлөр аярлуу аймактарды өнүктүрүүгө индекстерди колдонуунун эл аралык тажрыйбасы, бийик тоолуу жана жетүүгө кыйын аймактар үчүн аярлуулук индекси, индексти мамлекеттик саясатта жана каржылоону пландаштырууда колдонуу тууралуу баяндамалар боюнча пикирлерин билдиришти.
Кыргыз Республикасындагы бийик тоолуу жана алыскы аймактардын көйгөйлөрүн өз убагында жана натыйжалуу чечүү үчүн калкты социалдык колдоо сыртсалым тартууга, туризмди өнүктүрүүгө артыкчылыктуу шарттарды түзүү, айыл чарбасын жеңилдетилген каржылоо жана жолдорду салуу сыяктуу экономикалык дареметти колдонуу ыктары менен айкалыштырылууда.
Борбордук Азиялык Жерди прикладдык изилдѳѳ институту салымы катары тоолуу аймактардагы климаттын өзгөрүшү жана айлана-чөйрөнүн шарттары боюнча коркунучтарды аныктоо, кооптулук жөнүндө эрте эскертүү жана жаратылыш ресурстарын коргоо боюнча изилдөөлөрдү жүргүзүүдө.




