БАЖПИИ илимий дипломатияны сейсмикалык тобокелдиктерди азайтуу үчүн бекемдеп жатат
2026-жылдын 25-30-апрелинде Борбордук Азиялык Жерди прикладдык изилдѳѳ институтунун содиректору Болот Молдобеков жана «Мониторинг тутумдары жана маалыматтарды башкаруу» бөлүмүнүн башчысы Александр Зубович Ташкентте өткөрүлгөн Азия сейсмологиялык комиссиясынын 16-Башкы Ассамблеясына катышышты.
"Деформацияны байкоо үчүн космостук геодезиялык технологиялар" аталышындагы сессияда Александр Зубович коркунучту баалоо жана БАЖПИИде иштелип чыккан жер титирөө учурунда эрте эскертүү тутуму боюнча баяндама жасады.
Бул сессияда жер кыртышынын деформациясы, жаракалардын жылышуусу жана жанар тоолордун атырылуусунун өзгөрүшүн өлчөө үчүн GNSS, InSAR жана LiDAR колдонуусу тууралуу сөз болду.
Болот Молдобеков "Айлана-чөйрөнүн сейсмологиясы: табигый жана антропогендик сигналдар" аталышындагы сессияда баяндама жасады. Сессиянын катышуучулары мөңгүлөр жана жер көчкүлөр сыяктуу тектоникалык эмес себептерден чыккан сейсмикалык сигналдарды изилдөөнүн жыйынтыктары, аларды айлана-чөйрөнү байкоодо колдонуу менен табигый жана антропогендик термелүүлөрдүн айырмачылыктар тууралуу пикир бөлүшүштү.
Азия өлкөлөрүнөн келген адистер жер титирөөнү байкоонун заманбап ыкмаларын талкуулашты. Ассамблея сейсмикалык тобокелдиктерди азайтуу үчүн илимий дипломатияны чыңдоонун платформасына айланды.





