БАЖПИИнин со-директору Болот Молдобеков Астанадагы Аймактык экологиялык саммиттин сессиясында сөз сүйлөдү
23-апрелде Борбордук Азиялык Жерди прикладдык изилдѳѳ институтунун со-директорлору Болот Молдобеков менен Оливер Бенс, бөлүм башчысы Александр Зубович "Борбордук Азиянын криосферасы: илимий баалоодон климаттын өзгөрүшүнө ыңгайлашуу боюнча биргелешкен аракеттерге чейин" деген аталыштагы панелдик талкууга катышты.
Талкуу Казакстан Республикасынын Астана шаарында өтүп жаткан 2026-жылдагы Аймактык экологиялык саммиттин алкагында уюштурулду.
Катышуучулар мөңгүлөрдү байкоо жүргүзүүнүн бирдиктүү ыкмасын жана климаттын өзгөрүшүнө байланыштуу тобокелдиктерди баалоо боюнча жаңычыл аспаптарды колдонуу, ошондой эле мөңгүлөрдүн тез эришине жана гидрологиялык режимдердин өзгөрүшүнө байланыштуу биргелешкен ийкемделишүү чараларын ишке ашырууну талкуулашты.
Мөңгүлөрдү, кар катмарын жана түбөлүк тоңду камтыган криосфера айыл чарбасын, гидроэнергетиканы жана экосистемаларды суу менен камсыздоого таасир этет.
Талкуунун жыйынтыгы менен аймактын табигый потенциалын сактоо үчүн криосфера боюнча иш-аракеттер планы иштелип чыгат.





