Центрально-Азиатский Институт прикладных Исследований Земли (ЦАИИЗ)

Центрально-Азиатский Институт прикладных Исследований Земли (ЦАИИЗ)
Central-Asian Institute for Applied Geosciences (CAIAG)

"Ардактуу турист" наамы

 

     2020-жылдын 29-декабрында, Кыргыз Республикасынын маданият, маалымат жана туризм министрлигинин жыйындар залында, Кыргыз Республикасынын маданият, маалымат жана туризм министри Н.Кадырбековдун катышуусунда дипломдор жана сертификаттар тапшырылды.

     Кыргыз Республикасынын Маданият, маалымат жана туризм министрлиги тарабынан жарыяланган "Ардактуу турист" наамы үчүн сынактын алкагында, 2020-жылы Кыргыз Республикасынын аймагындагы 10 туристтик жайга барган ички туристтерге "Кыргыз Республикасынын Ардактуу Туристи" сертификаттары тапшырылды.

    Жалпысынан 5 талапкер көрсөтүлгөн, алардын бири БАЖПИИнин кызматкери Э.Мамбеталиев болгон.

    Эске салсак, 2020-жылы өткөрүлгөн сынактын шарттарына ылайык, каалоочулардын бардыгы Кыргыз Республикасынын ар кайсы аймактарында жайгашкан 10 кооз жерлерине барышы керек болчу, анын ичинде:

- Бурана мунарасы (Чүй облусу);

- Сан-Таш (Ысык-Көл облусу);

- Сказка каньону (Ысык-Көл облусу);

- "Манас Ордо" комплекси (Талас облусу);

- Өзгөн мунарасы (Жалал-Абад облусу);

- "Сары-Челек" көлү (Жалал-Абад облусу);

- "Таш-Рабат" тарыхый объекти (Нарын облусу);

- "Арсланбап" улуттук коругу (Жалал-Абад облусу);

- "Сулейман-Тоо" тоосу (Ош облусу);

- "Шах-Фазил" күмбөзү (Жалал-Абад облусу).

 

    Ошондой эле, сынактын шарттарына ылайык, ушул тарыхый жерлердин фонунда сүрөт тартып, Facebook социалдык тармагы аркылуу КР МКТИнин алдындагы Туризм департаментинин расмий баракчасына жөнөтүү керек болчу.

 

 

Материал өздүк жана Кыргыз Республикасынын Туризм департаментинин маалыматынын негизинде даярдалды.

 logo real

Борбордук-Азиялык Жерди прикладдык изилдѳѳ институту

Кыргыз Республикасы
720027 Бишкек
Тимур Фрунзе көчөсү 73/2


Байланыш
Сайттын картасы
Байланышта болуңуз

+996 312 555111
+996 312 555222
caiag@caiag.kg