БАЖПИИге "ВНИМИ" АКнын өкүлү келди: геодинамикалык көзөмөл үчүн иштелмелер талкууланды
2026-жылдын 16-январында "ВНИМИ" акционердик коомунун (Тоо-кен геомеханикасы жана маркшейдер иши боюнча илимий изилдөө институту) окумуштуу катчысы Кирилл Викторович Романевич Борбордук Азиялык Жерди прикладдык изилдөөлөр институтуна (БАЖПИИ) келди.
Мейман БАЖПИИнин ишмердүүлүгү, негизги изилдөө багыттары жана долбоорлору менен таанышты.
Кирилл Романевич АКнын геодинамикалык жараяндарды көзөмөл үчүн иштелмелер жөнүндү таанытым баян тартуулады.

Атап айтканда, презентация учурунда сейсмикалык көзөмөл системасы, согуу коркунучун баалоо комплекси, жана "ВНИМИ" АКнын кызматкерлеринин микросейсмикалык окуялардын моделин түзүү, машинанын титирөөсүн талдоо жана геомеханикалык берилмелерди стандартка шайкештирүү жөнүндө илимий эмгектерин камтыган жыйнак тууралуу баяндап берди.
Жолугушуу тажрыйба алмашууга жана кызматташууну илгерлетүүгө өбөлгө түздү.




