Пресс-анонс: 11-декабрь – Эл аралык тоолор күнү
Пресс-анонс
11-декабрь – Эл аралык тоолор күнү
"Тоолордо жана алардын айланасындагы мөңгүлөр, суу, азык-түлүк жана жашоо каражаттары" темасындагы кереге кеңеш
11-декабрда Кыргызстан Эл аралык университети жана Борбордук Азиялык Жерди прикладдык изилдөөлөр институту тоо экосистемаларындагы өзгөрүүлөрдүн, мөңгүлөрдүн эрүү көйгөйлөрүн жана суу ресурстарынын азайышын байкоолордун жыйынтыктарын талкуулоону уюштурушат.
Кереге кеңештин программасы тоолордогу азык-түлүк коопсуздугу жана жашоо-тиричиликтин экономикалык аспекттери, бийик тоолуу мөңгүлөр, климаттын өзгөрүшүнүн таасири жана тоолорду башкаруу боюнча баяндамаларды камтыйт.
Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаров 2024-жылдын 24-сентябрында БУУнун Башкы Ассамблеясынын 79-сессиясынын жалпы талкулоосунда: "Кыргызстан, тоолуу өлкө катары, 2000-жылдардан баштап дүйнөлүк коомчулуктун көңүлүн тоолуу аймактарды туруктуу өнүктүрүү көйгөйлөрүнө бурду. Биздин демилгебиз менен жана тоолуу өлкөлөрдүн кеңири колдоосу менен "Тоолуу аймактарды өнүктүрүү боюнча беш жылдык аракеттер" программасы 2023–2027-жылдарга ишке ашырылып жатат” - деп маалымдаган.
Эскерте кетсек, 2003-жылы БУУнун Башкы Ассамблеясы Эл аралык тоо жылынын Бишкек Дүйнөлүк тоо саммитинин жыйынтыктоочу документи болгон Бишкек тоо платформасын эске алуу менен 11-декабрды Эл аралык тоолор күнү деп жарыялаган.
2025-жылы Эл аралык тоо күнү "Тоолуу аймактарда жана андан тышкары жерлерде суу менен камсыздоо, тамак-аш жана жашоо үчүн мөңгүлөрдүн мааниси" темасына арналат. Бул күн тоолуу аймактарда туруктуу өнүгүүнүн зарылдыгын, алардын таза суу менен камсыздоодогу маанисин баса белгилөө жана мөңгүлөрдү сактоого багытталган.
Убактысы: 2025-жылдын 11-декабры, саат 10:00–12:00.
Жери: Бишкек ш., Кыргызстан Эл аралык университети, Чүй пр., 255а, 203-жыйналыш залы.
Байланыш: кошумча маалымат алуу үчүн БАЖПИИ 4-бөлүмүнүн жетекчисинин м.а. Назгүл Алыбаевага кайрылсаңыз болот, телефон номери: +996312555454 (318).



