2025-жылдын 8-апрелинде "МДН Групп" компаниясынын башкы директору Абдуллаев Нурлан Мукашевич башында турган делегация Борбордук Азия Жерди прикладдык изилдөө институтунда болушту.
Жолугушуунун жүрүшүндө Нурлан Абдуллаев энергиянын кайра жаралуучу булактары (ЭКБ) жана климаттын өзгөрүшүнө адаптациялоо чөйрөсүндөгү долбоорлор, анын ичинде күн-шамал жылуулук электр станциясы сыяктуу уникалдуу инновациялык идеяларды иштеп чыгуу жолдорун сунуштады. Ошондой эле туруктуу өнүктүрүү жаатында биргелешкен демилгелерди ишке ашырууга багытталган кызматташтыктын мүмкүн болгон багыттары туралуу талкуулар болду.
Талкуулардын жыйынтыгын натыйжасында тараптар регионду туруктуу өнүктүрүүгө жана экологиялык коопсуздукка багытталган биргелешкен долбоорлорду ишке ашырууда мындан аркы кызматташууга негиз боло турган өз ара түшүнүшүү жөнүндө меморандумга кол коюу жөнүндө чечим кабыл алышты. Бул кадам климаттын өзгөрүшү жана туруктуу өнүгүү маселелерин чечүүгө карата эки тараптын да ниетин көрсөтүп турат.