Центрально-Азиатский Институт прикладных Исследований Земли (ЦАИИЗ)

Центрально-Азиатский Институт прикладных Исследований Земли (ЦАИИЗ)
Central-Asian Institute for Applied Geosciences (CAIAG)

БАЖПИИнин содиректору Борбор Азиядагы мөңгүлөргө мониторинг жүргүзүү боюнча болуп өткөн жыйынга катышты.

2025-жылдын 11- мартында Ташкентте Борбордук Азиядагы мөңгүлөргө мониторинг жүргүзүү жана моделдөө боюнча региондук жумушчу топтун жыйыны болуп өттү, ага Борбордук Азия  Жерди прикладдык изилдөө институтунун (БАЖПИИ) содиректору Молдобеков Болот Дуйшеналиевич катышты. Жолугушуунун  негизги максаты аймактагы мөңгүлөргө мониторинг жүргүзүү боюнча макулдашуу  болду.

 11 марта 2025 Ташкент

Келген катышуучулар буга чейинки жетишкен натыйжалар туралуу талкуулашты, ошондой эле 2025-2026-жылдарга мөңгүлөрдү жана мөңгүлүү көлдөрдү мониторинг жүргүзүү боюнча Жол картасын иштеп чыгышты жана катышуучу өлкөлөрдүн заманбап технологиялар туралуу жана эл аралык кызматташтыкты эске алуу менен өз ара аракеттенүү механизмдерин аныкташты. Жыйын "Жашыл Борбор Азия" программасын ишке ашырууда жана БУУнун Башкы Ассамблеясынын резолюциясын колдоодо региондогу өлкөлөрдүн климаттык чакырыктарды чечүүдө жана мөңгү ресурстарын туруктуу башкарууда өнөктөштүгүн бекемдөөдө маанилүү кадам болду.

 

 logo real

Борбордук-Азиялык Жерди прикладдык изилдѳѳ институту

Кыргыз Республикасы
720027 Бишкек
Тимур Фрунзе көчөсү 73/2


Байланыш
Сайттын картасы
Байланышта болуңуз

+996 312 555111
+996 312 555222
caiag@caiag.kg