БАЖПИИде институттун содиректору жана бөлүм башчылары менен Дүйнөлүк банк эксперти Майлес Мак Доннкада жана КР ӨКМдин ПИБ өкүлдөрүнүн ортосунда жолугушуу өттү
6 ноябрда 2024-ж. БАЖПИИде институттун содиректору жана бөлүм башчылары менен Дүйнөлүк банк эксперти Майлес Мак Доннкада жана КР ӨКМдин ПИБ өкүлдөрүнүн ортосунда ЦАИИЗ тарабынан иштелип чыккан маалыматтык системалар (МС) менен таанышуу боюнча жолугушуу өттү. Жолугушууда №3 бөлүмдүн «Мониторинг жана маалыматты башкаруу системалары» жетекчиси А.В. Зубович тарабынан бир нече системалар көрсөтүлдү: Кыргызстандын токойлорун башкаруу, «Жашыл Мурас» платформасы, мектептер жана мектепке чейинки билим берүү мекемелеринин коопсуздугу боюнча МС, «ГИС жана SCADA Водоканал». Бул системалардын өзгөчөлүктөрү, анын ичинде системалардын картографиялык маалыматтар менен терең интеграцияланышы жөнүндө маалымат берилди.