Борбордук Азия Жерди прикладдык изилдөө институтунун (БАЖПИИ) директору Болот Молдобеков "Азаттык" үналгысында түз уктурууга катышты
2024-жылдын 19-апрелинде «Азаттык» үналгысында Борбордук Азия Жерди прикладдык изилдөө институтунун (БАЖПИИ) директору Болот Молдобеков менен Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин ( КР ӨКМ) орун басары Урматбек Шамыркановдун катышуусунда түз уктуруу болуп өттү.
Коңшу Казакстан жана Россиядагы болгон соңку табигый кырсыктардан улам Кыргызстанда мындай кырдаалдарга даярдыкты баалоо жана жакшыртуу боюнча иштер улантылууда.
Коноктор азыркы кырдаалды жана кырсыктардын алдын алуу жана башкаруу боюнча мындан аркы кадамдарды талкуулашты.
Бул талкууга Казакстандын Атырау шаарындагы «Эркин Европа/Азаттык» радиосунун казак кызматынын корреспонденти Айнур Сапарова да катышты