“Сел коопсуздугу – “Казселезащита” ишканасынын ишмердүүлүгүнө 50 жыл: абалы жана келечеги” аттуу илимий-практикалык конференция өттү.
2023-жылдын 22-25-ноябрында Борбордук Азиялык Жерди прикладдык изилдөө институтунун (БАЖПИИ) директору Болот Молдобеков “Казселезащита” мамлекеттик мекемесинин түзүлгөндүгүнүн 50 жылдыгына арналган Эл аралык илимий-практикалык “Сел коопсуздугу – Казселезащита 50 жылдык ишмердүүлүгү: абалы жана келечеги” деген темадагы конференцияга катышты.
Конференцияда КМШ өлкөлөрүндө сел коопсуздугун камсыз кылуу боюнча мамлекеттик саясат, селден инженердик коргоо (селден сактоочу дамбаларды жана селден сактануучу курулмаларды куруу), селден коргоочу профилактикалык иштер жана сел коркунучуна мониторинг жүргүзүү, теориялык жана илимий изилдөөлөрдү иштеп чыгуу сыяктуу маанилүү маселелер каралды. - селдерди изилдөөнүн методологиялык негиздери, сел коркунучун болжолдоо жана баалоо, МКТны колдонуунун заманбап ыкмалары ж.б.